Компьютерде иштөө негиздери: Жүктөп алуу жана жүктөп берүү (Downloading)

Lesson 5: Жүктөп алуу жана жүктөп берүү (Downloading)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-extensions/content/

Жүктөп алуу жана жүктөп берүү

Жүктөп алуу жана жүктөп берүү боюнча абстракттуу диаграмма

Интернетти изилдеп жатканда, балким жүктөп алуу жана жүктөп берүү терминдери тууралуу уккан чыгаарсыз. Жүктөп алуунун мааниси - интернеттен каалаган файл же маалыматты компьютериңизге сактап коюу. Жүктөп берүүнүн мааниси - компьютериңиздеги файлды интернеттин бир жерине жайгаштыруу, жиберүү.

Сиз буга чейин жасап жүргөн аракеттериңерди түшүндүргөн терминдер болуусу мүмкүн. Эгер биздин үйрөткүчүбүздү ачсаңыз, демек сиз ал файлды жүктөп алгансыз. Эгер Сиз Facebook же башка коомдук медиа сайты аркылуу сүрөт бөлүшкөн болсоңуз, демек ал фотону жүктөп бергенсиз.

Жүктөлүп алынууда

Адатта, сиз файлды жүктөп алууда ал файлга болгон шилтемени таптайсыз. Биздин окутуу куралыбызда мындай файл шилтемелер бар:

Биздин практика документибизди жүктөп алыңыз.

Эгер шилтемени чакылдатсаңыз бразериңиз сизге бул эки ыкманы көрсөтөт.

  • "Бул программанын жардамы менен ачуу" ыкмасы файлды жүктөп алып, дароо көрсөтүлгөн программа менен ачат.
  • "Файлды сактоо" ыкмасы маалыматты катуу дискке сактайт.
"Төмөнкүдөй сактоо" же "бул программа менен ачуу" тандоолору менен диалог кутусу.

Кандай болсо да, сиз "ОК" басканда жүктөп алуу башталат. Сиздин браузер жүктөп алуу убактысын, ийгилигин көрсөтүп турат.

Жүктөп алуу прогресс тилкеси

Жүктөлүп алынгандан кийин, же файл компьютериңизге сакталат, же сиз тандаган программа аны ачат. Жүктөп алгандан кийин файлды таппай жатсаңыз биздин жүктөлүп алынгандары табуу сабагын карап чыгыңыз.

Кээ бир браузерлер файлды көчүрүп алуу шилтемесин чакылдатканда эле дароо көчүрбөшү мүмкүн. Мындай учурларда сиз шилтемени чыкандын оң баскычын, Save шилтемесин чыкылдатып, анан "шилтемени төмөндөгүдөй жүктөп алуу" баскычын басып, файлдын жайгашкан жерин тандайсыз.

Жүктөп берүү

Сайттын жүктөп берүү функциясы бар болсо файлды трансфер кылуучу программасы болот. Ар бир сайттын процесси ар башка, бирок сиздерге бир нече негизги мисал келтиребиз. Адатта, сайтта "жардам" баракчалары болот, ал баракчалар сизге жүктөө процесстериңизге жардам берет.

Көптөгөн сайттар "жүктөп берүү" баскычын басканда диалог кутуну ачып берет. Мисалы, Facebook жүктөп берүү процессин баштоо үчүн камеранын сүрөтү бар.

Facebook жүктөө үчүн файл тандоо

Диалог кутучасы ачылып, файлды тандооңузду суранат. Файлдын жайгашкан жерин таап, тандап, "Ачуу" баскычын чакылдатыңыз. Андан кийин, жүктөп берүү процессин көрсөтүп турган прогресс тилкеси баракчасы ачылат.

Жүктөп берүү үчүн файл тандоо

Кээ бир сайттар сүйрөп баруу интерфейсин колдонот. Мисалы, Dropbox сайтына кирип турсаңыз коспьютериңиздеги папкадан бразердин папкасына сүйрөп барсаңыз болот.

Dropbox'то сүйрөп барып жүктөө интерфейси.

Көптөгөн башка каражаттар окшош өзгөчөлүктөргө ээ. Файлды жүктөп берүү темасына кеңири маалымат биздин Google Drive үйрөткүчүндө бар.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-free-software/content/