Компьютерде иштөө негиздери: Алгачкы жеке компьютериңиз менен иштеп баштоо (Getting Started)

Lesson 1: Алгачкы жеке компьютериңиз менен иштеп баштоо (Getting Started)

Алгачкы жеке компьютериңиз менен иштеп баштоо

Компьютер катардагы жөнөкөй үй жабдуусу эмес. Компьютер сизге эң көп маалымат жана мүмкүнчүлүктөрдү берет. Сиз компьютер менен көп жетишкендиктерге ээ боло аласыз, жеке компьютер жакшы тажрыйба тартуулайт. Кел, алгачкы компьютериңиз менен ишти баштоону карап чыгалы.

Компьютерди биринчи жолу иштетүү компьютердин моделине жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Сиздин тажрыйбаңыз бул сабактан өзгөчөлөнүшү мүмкүн мүмкүн. Бирөөнөн жардам сурагандан тартынбаңыз.

Компьютерди иштетүү

Эң биринчи кадам - компьютерди күйгүзүү. Бардык кабель-зымдар туура туташканын караңыз жана "күйгүзүү" баскычын басыңыз. Бул ар биркомпьютер үчүн башка бир жерде, бирок ал жалпы электр баскычы белгисине (төмөндө көрсөтүлгөн) ээ болот.

Кубат баскычынын сүрөтү

Баскыч басылган соң компьютериңиз иштеш үчүн бир азы убакыт керек болот. Экранда ар кандай нерселердин чагылдырышын көрө аласыз. Бул процесстин аты - компьютердин жүктөлүшү деп аталат, жана ал 15 секнддан бир несе мүнөткө чейин созулушу мүмкүн.

Компьютер жүктөлүп бүткөн соң - аны колдонууга даяр болушу мүмкүн, же системага кирүү талап кылынышы мүмкүн. Бул болсо, колдонуучунун өзүнүн атын жазып же профилиңизди тандап, сырзөзүңүздү терүүңүздү билдирет. Эгер мурда компьютерге кирген эмес болсоңуз, аккаунт ачууңуз керек болушу мүмкүн.

Ноутбук компьютерге кирүү экраны

Баскычтоп жана чычкан

Компьютерди колдонуу үчүн сиз, негизинен, баскычтопту жана чычканды колдоносуз. Компьютерди колдонуу үчүн бул жабдуулар менен иштгенди билүү абдан маанилүү. Көп адамдар баскычтопту маңдайындагы иш столунун үстүнө, жана чычканды баскычтоптун четине койгонду жактырышат.

Компьютердин маңдайында жайгашкан баскычтоп

Чычкан аркылуу экрандагы курсор башкарылат. Сиз чычканды столдун үстүнөн качан кыймылдатканыңызда курсор да дал ушундай кыймылдайт. Адатта чыкандын эки баскычы бар - оң жана сол баскычтар. Сиз көбүнчө компьютер экранындагы нерселерди басуу үчүн чычкан аркылуу курсорду кыймылдатасыз.

Экрандагы курсорду башкарып турган чычканды кармаган кол

Ноутбуктарда чычкандын ордуна атайын сенсор аркылуу башкара аласыз. Жөн гана манжаңызды сүртүп, курсорду жылдырыңыз. Кээ бир сенсорлордо баскычтар жок, ошондуктан чакылдатыш үчүн сенсорду басыш керек.

Сенсорду чаклдатып жаткан кол

Баскычтоп аркылуу сиз компьютерге тамгаларды, сандарды жана сөздөрдү киргизесиз. Сиз курсор аталган жанып турган түз сызыкты көрсөңүз - терип баштасаңыз болот.

Дарек тилкесиндеги жанып турган курсор

Чычкандын курсорун да курсор деп атайбыз, бирок анын формасы айырмаланат. Баскычтоптун курсору да - басуу куросру деп аталат.

Компьютерди колдонуу

Жумуш башталчу негизги экранды иш тактасы деп аташат. Бул негизги меню же мазмундун тизмесине окшош. Бул жерден, сизге керек программаларды көрө аласыз.

Сүрөтчөлөр ар кандай документтерди, колдонмолорду жана буйруктарды көрсөтүш үчүн колдонулат. Сүрөтчөлөр логотип сыяктуу эле, ал эмнени билдирерин түшүндүрүп турат. Иш тактасындагы сүрөтчөнү эки ирет чакылдатса файл ачылат.

Иш-такасындагы сүрөтчөлөр

Программа ичиндеги кандайдыр бир функцияны аткаруу үчүн баскычтар бар. Эң көп колдонулган буйруктарды аткаруу үчүн баскычтар болот.

Баскычтын үстүндөгү курсор

Буйруктар жана кыска жолдорду камтыш үчүн менюлар түзүлгөн. Ичиндеги буйруктарды жана кыска жолдорду ачуу үчүн менюну чакылдатыңыз. Андан кийин аны ишке ашыруу үчүн менюдагы нерсени чыкылдатыңыз.

Меню үстүндөгү курсор

Эгер папканы же программаны ачсаңыз, ал өзүнүн терезесинде пайда болот. Терезече сүрөттүн ичиндеги сүрөт сымал белгилүү бир аймакта камтылат. Бул программага тиешелүү баскычтары бар. Сиз иш тактаңыздагы бир нече терезелерди алмаштырып, иштей аласыз.

Иш-такта үстүндөгү көп терезелер.

Кошумча ресурстар

Эми сиз компьютерди күйгүзүп, аны колдонуу менен таанышканыңыздан соң, төмөндөгү темалар менен таанышып чыгыңыз. Даяр болгондо, көбүрөөк билүү үчүн башка темаларды карап чыгыңыз. Сиз бул билим менен пайдубал түзүп, компьютер менен каалаган нерсеңизди жасасаңыз болот.

Төмөнкүлөрдү үйрөнүү:

Башка темалар:

Башка ресурстар:

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-builtin/content/