Компьютерде иштөө негиздери: Компьютерди коопсуз режиминде иштетүү (Safe Mode)

Lesson 19: Компьютерди коопсуз режиминде иштетүү (Safe Mode)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-defragment/content/

Компьютерди коопсуз режиминде иштетүү

Коопсуз режим бул компьютердин эң маанилүү гана программаларын колдонуп ишти баштоосунун кошумча жолу. Адатта, сиздин компьютер ишин баштаганда ал көптөгөн драйверлердин ишин дагы баштайт. Драйверлер операциялык тутум менен иштеп, түзмөк жана программалар менен байланышып баштайт. Бирок, сиз коопсуз режимде иштеп баштасаңыз компьютердин иштөөсү үчүн минималдуу гана драйверлердин саны иштеп баштайт. Адатта ал драйверлер чычкан, баскычтоп жана экранга гана тиешелүү.

Эмне үчүн коопсуз режимин колдонуу керек?

Бир күнү сиз компьютериңизди колдоноюн дедиңиз, бирок операциялык тутумуңуз башталбай койду, же улам эле иштебей калып жатты. Мунун себеби болуп вирус , malware-кесепеттүү программа жарабаган файлдар же дагы башкалар болушу мүмкүн. Коопсуз режими сиз операциялык тутумду эң негизги нерселер менен баштаганга, көйгөйдү аныктап, аны чечүүңүзгө жардам берет.

Коопсуз режиминде сиздин экран жакшы көрүнбөшү, кээ бир программалар начар иштеши, же компьютериңиз жай иштеши мүмеүн. Бул толугу менен табигый нерсе; кээ бир драйверлердин иштебегендигинен келип чыгат.

Коопсуз режимде баштоо үчүн (Windows 8.1 жана андан жаңы):

  1. Start баскычын чыкылдатып, Power сүрөтүн тандаңыз.
  2. Shift баскычын кармап, "өчүрүп-күйгүзүүнү" басуу
  3. Меню пайда болот. Бузулууларды аныктап оңдоону> Өркүндөтүлгөн опциялар> Startup Жөндөөлөрүн басуу.
  4. Өчүрүп-күйгүзүү баскычын басуу
  5. Сиздин компьютер төмөндө көрсөтүлгөн менюну чыгарып, өчүп-кайра күйөт. 4-опцияны тандап "Коопсуз режимди" иштетиңиз (Коопсуз режиминде интернетти колдонуу керек болсо, 5-опцияны тандаңыз).
  6. Сиздин компьютер андан соң коопсуз режимде иштейт.

Коопсуз режимде баштоо үчүн (Windows 7 жана андан мурункуларда):

  1. Компьютерди күйгүзүңүз же кайра иштетиңиз. Ал ишти баштап жатканда, Windows логотиби чыга электе, F8 баскычын басыңыз
  2. Меню пайда болот. Сиз андан кийин F8 баскычын коё бериңиз. Жебе баскычтарын колдонуп "Коопсуз режимин" тандаңыз. Коопсуз режиминде интернетти колдонуу керек болсо "Тармак менен коопсуз режим" тандаңыз, андан соң "Enter" баскычын басыңыз.
  3. Сиздин компьютер андан кийин коопсуз режимде иштеп баштайт.

Mac компьютеринде коопсуз режимде баштоо үчүн

  1. Компьютерди күйгүзүңүз же кайра иштетиңиз. Компьютер иштеп баштаганда Apple логотиби чыкканча Shift баскычын басып туруңуз. Логотип пайда болгондон кийин, Shift баскычын коё берсеңиз болот.
  2. Сиздин компьютер андан кийин коопсуз режимде иштеп баштайт.

Сиз коопсуз режиминде эмне кылууңуз керек

Кээ бир көйгөйлөр коопсуз режиминин жардамы менен тез эле чечилиши мүмкүн, кээ бирлерин чечүү оңойго турбайт.

  • Эгер компьютериңизге malware - кесепеттүү программасы зыян келтирип жатат десеңиз анда антивирус программасын иштетип, аны аныктап, жок кылсаңыз болот. Компьютериңиз жөнөкөй режимде мындай функцияны аткаруу мүмкүн эмес болушу мүмкүн.
  • Жакында эле бир программаны орнотуп, бирок ошондон тартып компьютериңиз начар иштеп жатса, анда коопсуз режимине кирип, аны жок кылып салсаңыз болот.
  • Эгер драйверлер системанын иштөөсүн туруксуз кылып жатат десеңиз коопсуз режимине кирипаларды жаңыртып койсоңуз болот.

Сиз коопсуз режимде компьютерди иштетип жатсаңыз, бирок компьютер дагы деле бузулуп жатса, демек көйгөй аппараттык камсыздоодо болушу керек. Эгер ушундай болсо, анда, балким сизге кесипкөй адистин жардамы керек.

Сиз маселени чечкенден кийин, коопсуз режимден чыгып, текшерип көрүшүңүз керек. Бул үчүн, жөн гана компьтерди кайра иштетиңиз. Өчүрүп-күйгүзүлгөндөн кийин Windows кадимки режиминде иштеп калышы керек.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/windows-install-windows/content/