Компьютер негиздери: Файлдарды жаныңызда алып жүрүү (Bringing Files)

Lesson 22: Файлдарды жаныңызда алып жүрүү (Bringing Files)

/en/tr_ky-computer-basics/-new-program/content/

Файлдарды жаныңызда алып жүрүү

Сиз документ же башка компьютер файл менен иштеп жатсаңыз, аларды ар дайым компьютердин катуу дискине сактап коё аласыз. Бирок, кээде сиз файлды өзүңүз менен алып жүрүп, аны башка компьютер менен ачкыңыз келет. Бул сабакта, сиздин файлдарды каалаган жерден ачуу үчүн файлдарды сактоонун эки жолун өтөбүз.

  • Флеш-диск: Флеш диск бул тышкы катуу диск, ал компьютерге USB порт аркылуу туташат. Алар салыштырмалуу арзан (20$ дан да арзан) жана электроника саткан дүкөндүн баарынан сатып алса болот.
  • Булут сактагыч: Булутта сактоо- бул файлдарыңызды аккаунт колдонуп, интернет серверлеринде сактоо дегенди түшүндүрөт. Булутта сактоо менен файлдарыңыз компьютер жана интернет бар болсо жеткиликтүү болот. Флеш диск сыяктуу түзмөктү алып жүрүүнүн кереги жок.

Флеш дисктерде жана булутта да документтериңиздин камдык көчүрмөсүн сактасаңыз болот. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин Сиздин файлдардын камдык көчүрмөсүн сактоо сабагыбызды караңыз.

Флеш дискти колдонуу

Флеш дисктин сүрөтү

Флеш диск - маанилүү файл, документтериңизди жаныңызда алып жүрүүгө шарт түзөт. Ал сынып калышы же жоголуп кетиши мүмкүн, ошондуктан камдык көчүрмөсүн сактап коюп турушуңуз керек.

Флеш дискти туташтыруу үчүн:

  1. USB портуңузга флеш дискти кошуңуз. Сиз USB портту компьютериңиздин маңдайынан, артынан же капталынан табасыз.(жайгашкан жери иш-такта компьютерине же ноутбукка жараша болот)
  2. Эгер сиз Windows колдонуп жатасыз, анда диалог кутучасы пайда болот. Эгер андай болсо, файлдарды көрүү үчүн папканы ачыңыз. Mac компьютеринде флеш диск сүрөтчөсү иш-тактада пайда болот.
  3. Эгер диалог кутучасы пайда болбосо, анда Windows Explorer, же Finder (Макинтошто) ачып, терезенин сол жагынан флеш дискти тандаңыз. Флеш дисктин аты ар кандай болушу мүмкүн экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
    OS X скриншоттору

Флеш диск менен иштөө үчүн:

Флеш диск туташкан соң, аны менен компьютериңиздеги башка каалаган папка менен иштегендей иштейсиз, мисалы файлдарды жок кылып, же жылдыра аласыз.

  1. Эгер компьютериңизден флеш дискке файлды көчүрөйүн десеңиз, аны чыкылдатып, бул терезеге сүйрөп келсеңиз болот.
    Windows 8 скриншоттору
  2. Файл көчүрүлөт, жана бул жаңы версиясы флеш дискке сакталат. Файлдын түпнускасы компьютериңизде сакталат.
    Windows 8 скриншоттору
  3. Эгер флеш дисктен компьютериңизге файлды көчүргүңүз келсе, аны чыкылдатып, бул компьютериңиздеги терезеге көчүрүңүз.
    Windows 8 скриншоттору
  4. Эгер флеш дисктеги файлды жок кылам десеңиз, аны чыкылдатып, сүйрөп барып таштанды кутусуна таштап салыңыз. Диалог кутучасы пайда болот. Биротоло файлды жок кылуу үчүн Ооба деп тастыктаңыз.

    Windows 8 скриншоттору

Диалог кутучасы пайда болбосо, файлды биротоло жок кылуу үчүн таштанды кутусун бошотушуңуз керек.

Дискти коопсуз алып салуу үчүн:

Дискти колдонуп бүткөн соң, USB портунан дароо сууруп албаңыз! Дисктеги файлдарыңызга зыян келтирип албоо үчүн туура ажыратыңыз.

  1. Флеш дисктин оң-баскычын басыңыз, жана ажыратууну тандаңыз (же чыгаруу).
    Windows 8 скриншоттору
  2. Сиз азыр коопсуз USB портунан флеш дискти алып сала аласыз.

Эгер Макинтош колдонуп жатсаңыз, анда силер Finder'ден флеш дисктин жанынан Сууруп алуу баскычын басышыңыздар керек.

OS X скриншоттору

Файлдарды булутка сактоо

Азыр интернетте документ, сүрөт жана башка файлдарды сактачу кызматтар абдан көп, көбү акысыз жана акысыз аккаунт түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Абдан таанымалдары: Google Drive , OneDrive , жана Dropbox . Бул аккаунттар менен келген акысыз сактагычтын көлөмү болжол менен 15 ГБ, жана ал көлөм сиздин жумушуңуз, жеке иштериңиз же окууңуз үчүн жетиштүү болушу керек. Сиз бизнестин ээси болсоңуз жана документтердин баарын булутка сактайм десеңиз, булут кызматына акча төлөп, көбүрөөк көлөм сатып алсаңыз болот.

Флеш дисктерден айырмаланып, булуттан файлдар жоголуп кетпейт же сынып калбайт, ошондуктан камдык көчүрмөлөрүн жасоонун зарылчылыгы жок. Булуттагы файлдарды досторуңуз жана коллегаларыңыз менен бөлүшүү жана иштешүү жеңил. Бирок, бир нерсени интернетке жүктөгөндөн кийин кээ бир кара ниет адамдар сиздин жеке маалыматыңызга мүмкүндүк алуу үчүн аракет кылышы мүмкүн. Файлдарыңызды коргоо үчүн күчтүү сырсөздү түзүңүз жана сиз колдонуп жаткан булут кызматтын купуялык жөндөөлөрүнө жана саясаттарына көңүл буруңуз.

Google Drive скриншоттору

Эгер, файлдарыңызды булутта сактоо боюнча сабактарды карап жатсаңыз,ал кызматтар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн биздин Google Drive жана OneDrive жана Office Online сабактарыбызды караңыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-accessibility/content/