Компьютер негиздери: Интернетке кантип туташууга болот? (Connecting Internet)

Lesson 13: Интернетке кантип туташууга болот? (Connecting Internet)

/en/tr_ky-computer-basics/-know-os/content/

Интернетке кантип туташууга болот?

Компьютериңизди орноткон соң, интернетке кирип, электрондук почта жөнөтүп, кабыл алып, интернетти серептеп, видео көрүп ж.б кылууну каалайт болушуңуз керек. Сиз үйдүн зымсыз тармагын же WiFi орноткуңуз келсе керек, анткени сиз бир учурда тармакка бир нече түзмөк менен зымсыз интернетке чыга аласыз.

Интернетке туташуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Интернет кызматынын түрлөрү

Интернет кызматтын түрлөрү сиз жашаган аймактагы Интернет Кызмат Провайдерлеринен (ISP) жана алардын кызматтарынын түрлөрүнөн көз каранды, Бул интернет кызматынын түрлөрү:

  • Dial-up: Бул Интернет байланышынын эң жай түрү болуп саналат жана бул кызматты аргасыз болгондо гана колдонсоңуз болот. Балким сиз жашаган жердеги жалгыз гана кызмат болуп калышы мүмкүн. Dial-up сиздин телефон линиясын колдонот, жана бир нече телефон линияңыз болбосо бир учурда үй телефону менен сүйлөшүп жана интернетке чыга албайсыз.
  • DSL: DSL кызматы кең тилкелүү туташуу болуп саналат, ал dial-up'тан тезирээк иштейт. DSL телефон линиясы менен интернетке кошулат, бирок үй телефону болуусун талап кылбайт. Dial-up'тан айырмаланып бир учурда интернетке чыгып жана телефон менен да колдоно аласыз.
  • Кебелдик: Кабелдик кызматы интернетке ТВ кабели менен туташат, бирок ТВ кабели сүзсүз түрдө кереги жок. Бул кең тилкелүү байланышты колдонот да, dial-up жана DSL кызматка караганда ылдамыраак болушу мүмкүн; Бирок, кабелдик телекөрсөтүүcү бар жерде гана бул кызмат бар.
  • Спутник: Спутник байланышы кеңтилкелүү байланышты камсыз кылат, бирок кабель же телефон линиясын ьалап кылбайт, ал интернетке жер орбитасында жүргөн спутниктер аркылуу байланышат. Натыйжада, ал дээрлик дүйнөнүн бардык жеринде колдонсо болот, бирок байланыш аба ырайынына жараша иштеши мүмкүн. Спутник интернети адатта DSL же кабелдик интернетке карагада жайыраак.
  • 3G жана 4G: 3G жана 4G кызматы адатта уюлдук түзмөктөр аркылуу колдонулат, жана сиздин ISP тармагына зымсыз кошулат. Бирок, байланыштын бул түрлөрү DSL же кабелдик интернеттей ар дайым туруктуу интернет бере албайт. Ошондой эле көпчүлүк кең тилкелүү пландардай болуп интернетти чексиз бере албайт. Ай сайын чекстеп, лимиттери бар.

Интернет-кызмат провайдерин тандоо

Эми сиз Интернет кызматтын ар кандай түрлөрү жөнүндө маалыматты билген соң, сиз жашаган аймакта кандай интернет провайдерлери бар экенин изилдеңиз. Сиздер кыйынчылыкка дуушар болуп жатсаңар, досторуңуз, үй бүлө мүчөлөрү жана кошуналар менен алар кандай интернет кызматын колдоноор экенин билиңиз, алар менен сүйлөшүңүз. Адатта, бул сиздин аймакта жеткиликтүү интернет кызматынын түрлөрү тууралуу жакшы түшүнүк берет.

Көпчүлүк интернет провайдерлери ар кандай интернет ылдамдыктарын сунушташат, алар Мbps (же Мбит) менен эсептелет. Эгер сиз интернетти электрондук почта же социалдык тармактар үчүн колдонсоңор 2-5 Мбит ылдамдык жетиштүү болот. Бирок, музыка же видео көрөм, жүктөйм десеңиз сизге тез байланыш керек, кеминде 5 Mbps же андан жогору болушу керек.

Ошондой эле сиз кызматтардын тарифин, интернет орнотуудагы чыгымдарды эске алшыңыз керек. Жалпылап айтканда, канчалык тез байланыш болгон сайын, ошончо айлык тариф жогору болот.

Салттуу түрдө dial-up технологиясы арзаныраак болгону менен, көпчүлүк интернет провайдерлери dial-up бааларын кең тилке байланышын теңдеп коюшту. Бул кең тилкелүү байланышка эл өтүүсүнө багытталган. Биз dial-up интернетти сунуштабайт элек, болгону ал жалгыз гана байланыш түрү болсо анда айла жок.

Аппараттык камсыздоо керек

Модем

кең тилкелүү модем

Компьютериңиз болгондон кийин сизге башка аппараттык камсыздоонун деле кереги жок. Сизге эң керектүү аппараттык камсыздоо - бул модем.

Сиз тандаган интернет түрүнө жараша модемдин түрү керек. Dial-up технологиясы телефон модемин, DSL кызматы DSL модемин, кабель кызматы кабель модемин, спутник кызматы спутник адаптерин колдонушат. Сиздин ISP сизге модем бериши мүмкүн, көбүнчө сиз келишимге кол койгондо акысыз беришет, сиз туура моемдин түрүн бул учурда аласыз. Бирок, сиз андан да жакшыраак жана арзаныраак модемди өзүнчө да сатып алсаңыз болот.

Роутер

зымсыз роутер

Роутер - бул аппараттык камсыздоо түзмөгү, анын жардамы менен бир нече компьютерлер бир учурда интернетке туташа алат, ал үй тармагы деп аталат. Көптөгөн роутерлер зымсыз, ошондуктан алардын жардамы менен зымсыз үй тармактарын түзүүгө болот, аларды WiFi тармагы деп коёт.

Сиздер интернетке кирүүңүздөр үчүн сөзсүз роутер сатып албасаңар деле болот. Сиздин компьютерди модемге түз Ethernet кабели аркылуу туташтырса болот. Ошондой эле, көптөгөн модемдердин ичинде роутерлери да бар, өзүнчө роутер сатып албай эле WiFi тармагыңызды түзсөңүз болот.

Интернет байланышын уюштуруу

Сиз интернет провайдерин тандагандан кийин, көпчүлүк провайдерлер өз кызматкерин үйдү интернетке кошууга адисти жиберет. Эгер жиберишпесе, анда провайдериңиз сизге интструкцияны жиберет, анын жардамы менен интернет байланышыңызды түзөсүз.

Баары орнотулгандан кийин, интернет браузериңизди ачып, интернетти пайдаланып баштай аласыз. Интернет байланышы менен көйгөйлөр чыкса, интернет провайдериңиздин колдоо көрсөтүү номерлерине телефон чала аласыз.

Үй тармагы

Эгер үйдө бир нече компьютер, сматрфондоруңуз болсо, жана алардын барын интернетке кирүү үчүн колдонгуңар келсе анда үй тармагын же WiFi тармагын түзүүңүздөр керек. Үй тармагыңызда бардык түзмөктөрүңүз роутерге туташат, роутер болсо модемге туташат. Бул сиздин үй-бүлөдөгү ар бир адам бир учурда Интернет менен колдонсо болот дегенди билдирет.

Сиздин интернет провайдер кызматкери сизге интернет кызматын туташытрып жатып, WiFi тармагыңызды жасап бериши мүмкүн. Эгер болбосо, анда көбүрөө билүү үчүн биздин Wi-Fi тармагын кантип орнотуу керек сабагыбызды караңыз.

Эгериш-такта компьютериңиздин Wi-Fi байланышы жок болсо, анда WiFi адапреин сатып алып, аны USB порт арклыуу компьютерге туташтырып койсоңуз болот.

/en/tr_ky-computer-basics/-getting-started-internet/content/