Компьютер негиздери: Биринчи компьютериңиз менен ишти баштоо (First Computer)

Lesson 11: Биринчи компьютериңиз менен ишти баштоо (First Computer)

/en/tr_ky-computer-basics/-setting-up/content/

Биринчи компьютериңиз менен ишти баштоо

Компьютер жөн гана дагы бир үй-бүлө жабдуусунан да көптү билдирет. Маалыматтардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн көптүгү басымдуу болушу мүмкүн. Бирок компьютер менен көп нерсеге жетишесиздер жана компьютер колдонуу эң жакшы тажрыйба болушу мүмкүн. Келгиле, адегенде алгачкы компьютериңиз менен ишти байштайлы.

Компьютерди биринчи жолу иштеткен ар бир компьютерде ар кандай болушу мүмкүн. Сиздин тажрыйбаңыз бул сабактан башкача болушу мүмкүн. Бирөөнөн жардам суроо - бул жакшы.

Эгер иш-такта компьютерин колдонуп жаткан болсоңуз, анда баскычтоп, чычкан жана монитор компьютерге туташканын текшериңиз. Биздин Компьютерди орнотуу сабагыбызды үйрөнүү үчүн карап чыгыңыз.

Компьютерди күйгүзүү

Биринчи кадам болуп компьютерди күйгүзүү керек. Бул үчүн, анын жайгашкан жерин аныктап жана электр баскычын басуу керек. Бул ар бир компьютердин ар башка жеринде болот, бирок анын жалпы төмөндөгүдөй белгиси болот.

Кубат баскычынын сүрөтү

Компьютер күйгүзүлгөн соң, пл даяр болгуча бир аз убакыт керек. Сиз бир нече жаркылдаган экранды көрөсүздөр Бул процессти компьютерди күйгүзүү деп аташат, ал процесстин узактыгы 15 секунддан баштап бир нече мүнөткө чейин созулат.

Компьютер күйгөндөн кийин, аны колдонууга даяр болушу мүмкүн, же сизге кирүү талап кылынышы мүмкүн. Бул болсо, колдонуучунун атын жазып же профиль тандап, жана сырзсөз жазуу керектигин түшүндүрөт. Эгер мурда сиз компьютерге кирегн эмес болсоңуз, сиз жаңы аккаунт түзүүңүз керек болот.

Ноутбуктагы кирүү кирүү экраны

Баскычтоп жана чычкан

Сиз, негизинен, баскычтопту жана чычканды же ноутбукта тийме тактаны колдонуп компьютер менен байланышасыз. Бул каражаттарды колдонууну үйрөнүү - компьютерди үйрөнүү үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Көп адамдарбаскычтопту маңдайына, чычканды компьютердин бир жагына койгонду ыңгайлуу деп эсептешет.

Компьютердин маңдайында жайгашкан баскычтоптогу кол

Чычкан экранындагы курсорду көзөмөлдөйт. Сиз столдо чычканды кандай кыймылдатсаңыз, курсор да тиешелүү түрдө кыймылдайт. Адатта, чычыкандын эки баскычы болот, бири сол баскыч, экинчиси оң. Сиз көбүнчө компьютер менен чычкандын курсорун экранды ары-бери жылдырып, бир баскычты басып өз ара иштейсиздер.

Экрандагы курсорду көзөмөлдөгөн чычкандагы кол

Ноутбуктарда чычкандын ордуна тийме тактанын жардамы менен иштейсиздер, ал баскычтоптун астында жайгашат. Жөн гана манжаңыздын жардамы менен тийме такта аркылуу курсорду башкарыңыз. Кээ бир тийме такталарынын баскычтары жок, ошондуктан тийме тактаны басып же чыкылдатышыңыз керек.

Тийме тактаны кол чыкылдатууда

Баскычтоп сизге тамгаларды, сандарды, сөздөрдү терүүгө шарт түзөт. Сиз жаркыраган тик сызык көргөн сайын, аны курсор деп атайбыз, терип баштасаңар болот.

Серепчинин дарек тилкесиндеги жанып турган курсор

Чычкан көрсөткүчү да курсор деп аталат, бирок анын формасы башкача. Баскычтоп курсору да коюу курсору деп аталат.

Компьютерди колдонуу

Ишти баштайм деген негизги экран ал иш-такта деп аталат. Бул негизги меню же мазмундардын тизмесине окшош. Бул жерден, сизге керек программа жана функцияларды колдонуп баштасаңыз болот.

Сүрөтчөлөр ар кандай файлдарды, программаларды жа буйруктарды компьютериңизде аткарат. Сүрөтчө - бул логотип сыяктуу эле бир караганда түшүшнүк берүүчү кичине сүрөтчө. Иш-тактадагы сүрөтчөнү кош чыкылдатуу менен файл же программаны ачса болот.

Иш-тактадагы сүрөтчөлөр

Баскычтар аркылуу колдонмо ичиндеги өзгөчө функцияны иштетүү үчүн буйругу болуп эсептелет. Программанын ичиндеги эң көп колдонулган буйруктар баскычтар аркылуу иштейт.

Баскычтын үстүндөгү чычкан курсору

Mенюлар - буйруктардын жана кыска жолдордун уюштурулагн топтому. Менюну ачуу үчүн жана буйруктар менен кыска жолдорду экранга чыгаруу үчүн аны чыкылдатыңыз. Андан кийин аны ишке ашыруу үчүн менюдан бир нерсени чыкылдатыңыз.

Меню үстүндөгү чычкан курсору

Эгер программаны же папканы ачсаңыз, ал өз терезесинде пайда болот. Терезе бул камтылган аймак, мисалы өз менюсу жана ошол программага гана өзгөчө баскычтары бар сүрөт ичиндеги сүрөт. Сиз иш-тактада бир нече терезелерди ачып, аларды которуп тура аласыз.

Иш-тактадагы бир нече терезе

Кийинкиси эмне?

Макул, бул компьютер колдонуу негиздери болуп саналат. Кийинки сабакта биз компьютериңиздин өзгөчө операциялык тутумун кантип колдонсо болоору тууралуу сөз кылабыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-know-os/content/