Компьютер негиздери: Интернет менен ишти баштоо (Getting Started Internet)

Lesson 14: Интернет менен ишти баштоо (Getting Started Internet)

/en/tr_ky-computer-basics/-connecting-internet/content/

Интернет менен ишти баштоо

Интернет бул миллиарддаган компьютер жана башка электрондук түзмөктөрдүн глобалдык тармагы. Интернет менен каалаган маалымат алууга, каалаган адам менен байланышууга жана башка көп нерсе жасаса болот. Сиз мунун баарын компьютериңиз аркылуу кыла аласыз.

Интернетке туташуу

Интернетке сиз кирээрден мурун түзмөк интернетке туташуусу керек. Сиз интернетти үйдөн колдонгону пландап жатсаңыз, сиз сиз интернетти провайдерден сатып алшыңыз керек, ал телефон коспаниясы, кабель компаниясы же өкмөт компаниясы болушу мүмкүн. Башка түзмөктөр, адатта, Wi-Fi же мобилдик интернет аркылуу байланышат. Кээде китепканалар, кафелер жана билим берүү уюмдары окуучуларына, кардарларына акысыз WiFi сунушташат.

Компьютерлер зымсыз Интернетке туташууда

Эгер интернетке туташтыруу жолун билбей жатсаңыз биздин Интернетке кантип туташса болот сабагыбызды караңыз, же бирөөдөн жардам сураңыз.

Интернетти серептөө

Интернеттеги көпчүлүк маалымат вебсайттарда жайгашкан. Сиз Интернетке туташкандан кийин, интернет браузер деп аталган программанын жардамы менен интернетке кире аласыз.

Сайт - бул текст, сүрөт жана башка ресурстардын жыйындысы болуп саналат. Вебсайттар башка медиа түрлөрүнө окшоп кетет, мисалы гезит макалалары, ТВ программалары, же алар компьютерлерге гана тиешелүү өзгөчө болуусу мүмкүн. Сайттардын максаттары ар кандай болушу мүмкүн, жаңылык платформасы, жарнама, онлайн китепкана, сүрөттөрдү бөлүшүү форуму, же биз сыяктуу билим берүү тармагы!

Окуган адам GCFLearnFree.org сайтын серептөөдө

Веб браузер вебсайттарды көрүүгө мүмкүндүк берет. Веб браузер өзү интернет эмес, бирок ал Интернет барактарын көрсөтөт. Ар бир сайттын уникалдуу дареги бар. Ал уникалдуу даректи веб браузериңизге жазып, ал вебсайт менен байланыша аласыздар, браузериңиз аны көрсөтүп берет.

Вебсайттарды багыттоо

Вебсайттар башка сайттарга шилтемелери болот, көп учурда аларды гипершилтеме деп коюшат. Бул көп учурда сайттын ичиндеги тексттин бөлүктөрү болуп саналат. Алар, адатта, көк түс менен белгиленет, жана алардын асты сызык же калың арип менен белгиленет. Текстти чыкылдатсаңыз браузериңиз башка баракты жүктөйт. Сайт авторлору гипершилтемени колдонуп, тиешелүү барактарды байланыштырат. Бул шилтемелердин желеси интернеттин өзгөчө функциясы, интернеттин эски аталышы ошол себептен World Wide Web же Бүткүл Дүйнөлүк Желе деп айтылып калган.

Ар бир сайттын URL деп аталган өзгөчө дареги бар. Сиз шилтемени басканда, URL дареги өзгөрүп, браузер бир жаңы баракты жүктөөрүн байкайсыз. Эгер браузердеги дарек тилкесине URL терсеңиз, ал браузер ошол URL менен байланышкан бетти жүктөйт. Ал үй дареги сыяктуу эле бразерге кайда барышты айтып турат.

Издөө системас жана тиешелүү жыйынтык.

Интернеттен маалымат алуу үчүн карап жатсаңыз, издөө системалары жардам берет. Издөө системалары сизге башка сайттарды табууга жардам берүү үчүн жасалган. Сиз издөө системасына сөздөрдү, ачкыч чөздөрдү жазсаңыз, ал сайттардын сизге тешелүү тизмесин түзүзп берет.

Интернетте дагы башка кылчу нерселер.

Интернеттин мыкты өзгөчөлүктөрүнүн бири дүйнөдөгү каалаган адам менен алыстан байланышуу. Электрондук почта бул эң универсалдуу, эски коммуникация жолдорунун бири жана интернетте маалымат алмашууга ылайык, аны миллиарддаган адамдар колдонушат. Социалдык медиалар элдер бири бири менен байланышып, интернеттеги коомду түзүүгө жардам берет.

Интернет аркылуу байланышкан адамдар.

Интернетте кылчу башка көп нерселер бар. Кабар алып туруунун миңдеген жолдору же каалган нерсеңизди интернеттен сатып алуу жолдору бар. Сиз интернет аркылуу ар кандай кызматтар үчүн төлөй аласыз банк эсептериңизди башкара аласыз жаңы адамдар менен тааныша аласыз ТВ көрүп, же жаңы ыкмаларды үйрөнө аласыз. Сиз онлайн дээрлик каалган нерсеңизди кылып, же билим ала аласыз.

Башка ресурстар

/en/tr_ky-computer-basics/-cloud/content/