Компьютер негиздери: Компьютердин ичи (Inside)

Lesson 5: Компьютердин ичи (Inside)

/en/tr_ky-computer-basics/-buttons-and-ports/content/

Компьютердин ичи

Сиз компьютер кабынын ичин көрдүңүз беле, мүмкүн сүрөттөн көргөндүрсүз. Кичинекей бөлүктөр татаал көрүнүшү мүмкүн, бирок компьютер каптын ичи табышмак деле эмес. Бул сабак компьютер каптын ичинде болгон процесс жана тетиктердин негизги аталышын үйрөтөт.

Компьютер каптын ичинде эмне бар экенин билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүздөр.

Энелик плата (Motherboard)

Энелик плата

Энелик плата компьютердин негизги платасы болуп саналат. Бул CPU, эске тутуу, каттуу жана оптикалык дисктер менен тутаткычтар, видео жана аудиону кеңейтүү карталары жана компьютерлик портторго туташуу (USB порттор) тетиктерин ичке плитага кармап турат. Энелик плата компьютердин ар бир бөлүгүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө бириктирилет.

CPU / Процессор

 CPU

Борбордук иштетүү бирдиги (CPU), ошондой эле процессор деп аталган, энелик платада, компьютер каптын ичинде жайгашкан. Ал жер кээде компьютердин мээси деп аталат, жана анын жумушу буйруктарды ишке ашыруу болуп саналат. Качандыр гана баскычты бассаңыз, чычканды жылдырсаңыз, файлды ачсаңыз CPU га буйрук жиберип жаткан болосуз.

CPU адатта ичинде жайгашкан бир кремний чип менен эки-дюйм керамикалык чарчы болуп саналат. Ал чип тырмактын көлөмүндөй эле. CPU энелик платанын CPU чанагына чак келет, ал жылуулук берчү тетик менен капталат (CPU дан жылуулук алуучу тетик)

Процессор иштөө ылдамдыгы мегагерц (MHz) менен ченелет, же секундасына миллиондогон тапшырма аткаруу менен; жана гигагерц (GHz), же секундасына миллиарддаган тапшырмаларды аткаруу менен ченелет. Ылдамыраак процессорлор тапшырмаларды тезирээк аткарат. Бирок, компьютердин иш жүзүндөгү ылдамдыгы, процессордон гана эмес, ар түрдүү компоненттерден көз каранды.

RAM (мүмкүндүк алуу түйүнү)

Компьютер RAMы

RAM сиздин системанын кыска мөөнөттүү эс тутум болуп саналат. Сиздин компьютер эсептөөлөрдү жүргүзсө, аны зарыл болгонго чейин RAM убактылуу маалымат сактагычында сактайт.

Бул кыска мөөнөттүү эс тутум компьютер өчкөндө жоголот. Эгер документ, электрондук жадыбалга, жэ башка түр файл менен иштеп жаткан болсоңуз, аны жоготуп албаш үчүн, дароо сактоо керек. Файлды сактаганда, маалыматты каттуу диске узак мөөнөткө сактайт.

RAM мегабайт (MB) же гигабайт (GB) менен ченелет. Канчалык RAM, сиздин компьютер кө болсо, ошончолук көп тапшырманы бир учурда кыла алат. Эгер жетиштүү RAM жок болсо, анда сиздин компьютер бир нече программалады ачканда эле жакшы иштебей калат. Ушундан улам, көп адамдар аткарууну жакшыртуу үчүн кошумча RAM кошушат.

Катуу диск (Hard drive)

Катуу диск

Катуу диск сиз компьютердик программаларды, документтерди жана башка өздүк файлдарды сактаган жер болот. Каттуу диск узак мөөнөттүү сактагыч болуп саналат, сиз компьютерди өчүргөн учурда да маалыматты сактайт.

Сиз файлды ачып же программаны иштетип жатсаңыз, компьютер маалыматты каттуу дисктен RAMга көчүрүп коет. Сиз файлды сактаганда, маалымат каттуу диске кайра сакталат. Катуу диск кубаттуу болсо, компьютер жана анын программалары тезирээк иштейт.

Электр энергиясы менен камсыздоо бөлүмү

Электр энегрия менен камсыз кылуу бөлүмү

Электр энегрияны камсыздоочу бөлүм, электр энергияны тамдагы чанактан компьютерге алып келет. Ал энелик платага жана башка компоненттерге кабель аркылуу кубат берет.

Эгер компьютер кабын ачам десеңиз, биринчи компьютерди токтон сууруп салуу керек. Компьютердин ичин ачаарда, биринчи жез тетикти кармап аны сууруп салуу зарыл. Туруктуу электр энергиясы компьютердин зымдары аркылуу берилип, машинага чоң зыян келтириши мүмкүн.

Кеңейүү (узартуу) карталары

Көп компьютерлер кеңейүү түрмөгү энелик платада жайгашкан, алар ар түрдүү узартуу карталар кошконго мүмкүнчүлүк берет. Бул кээде PCI (тышкы компоненттерди бириктирүү) карталары деп аталат. Сизге PCI карталарын колдонуу кажети жок болот, себеби көп энелик платаларда атайын видео, аудио, тармак ж.б. мүмкүнчүлүктөр камтылган.

Бирок, сиздин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун көтөрүүгө же эскриген компьютердин мүмкүнчүлүктөрүн өзгөрткүңүз келсе, силер бир же бир нече карточкаларды кошо аласыз. Төмөндө кеңейүү карттардын таралган түрлөрү көрсөтүлгөн.

Видео карта

Видеокарта

Видео карта сиз монитордо көргөн нерсеге жооптуу. Көпчүлүк компьютерлер GPU (сүрөттү иштетүү бирдигин) өзүнчө эмес, атайын энелик платага жайгаштырышат. Сиз сүрөтү көп оюндарды ойносоңуз, тез иштетүүчү видео картаны кошуп койсоңуз болот.

Үн картасы

Үн картасын, ошондой эле аудио картасы деп сайтылат, ал кулакчындан же динамиктерден чыккан үндөрдү угууга мүмкүнчүлүк берет. Көпчүлүк энелик платалар үндү камтыйт, бирок сиз жогорку сапаттагы үн үчүн атайын үн картасына кошо аласыз.

Тармак картасы

Тармак картасы

Тармак картасы сиздин компьютер тармагы аркылуу байланышууга жана интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул да бир Ethernet кабели менен же зымсыз байланыш (көбүнчө Wi-Fi) аркылуу байланыша алат. Көптөгөн энелик платалар тармактык байланышты ичинде камтыйт , ал эми тармак картасы өзүнчө да туташтырса болот.

Блютуз картасы (же адаптер)

Блютуз  ачкычы

Блютуз - кыска аралыкка зымсыз байланыш үчүн жаратылган технология. Бул көп учурда компьютер менен зымсыз баскыч, чычкан жана принтерлерди менен байланышуу үчүн колдонулат. Ал, адатта,энелик платада камтылган, же зымсыз тармактык картада камтылган. Блютузу жок компьютер болсо, сиз USB адаптер сатып алсаңыз болот.

/en/tr_ky-computer-basics/-laptop/content/