Компьютер негиздери: Компьютерди орнотуу (Setting Up)

Lesson 10: Компьютерди орнотуу (Setting Up)

/en/tr_ky-computer-basics/-applications/content/

Компьютерди орнотуу

Демек, жаңы компьютериңиз алдыңыз жана аны орнотууга даярсыз. Бул басымдуу жана татаал тапшырма сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок бул иш жүзүндө сиз ойлогондон алда канча жеңил болот! Көпчүлүк компьютерлер бирдей жол менен орнотулат, ошондуктан компьютериңиздин бренди мааниге ээ эмес.

Кутучадан чыга элек жаңы компьютерди орнотуп жатсаңыз, балким, ошол кадам артынан кадам маалымат камтыган үйрөткүч таба аласыз. Көрсөтмөлөр камтылган эмес болсо да, сиз бир нече жеңил кадам менен компьютерди орното аласыз. Биз типтүү компьютерди орнотуу үчүн зарыл болгон ар кандай кадамдарды сизге көрсөтөбүз.

Иш-такта компьютерин кантип орнотсо болоорун үйрөнүү үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.

Ноутбук компьютерин орнотуу

Сизде ноутбук бар болсо, анда аны орнотуу жеңил болушу керек: Жөн гана аны ачып жана электр баскычын басыңыз. Батарея жок болсо, анда AC адаптерин кошуш керек. Ноутбук кубатталып жатканда, аны колдоно бересиз.

ноутбук кубатталууда

Сиздин ноутбуктун ар кандай жабдууларды бар болсо, мисалы тышкы динамиктер, анда төмөндөгү көрсөтмөлөрдү окуганыңыз оң. Ноутбуктар жана иш-такта компьютерлери жалпысынан байланыштардын бирдей түрлөрүн колдонот, ошондой эле бирдей кадамдар дагы колдонулат.

Иш-такта компбютерин орнотуу

1-кадам

Кутудан монитор жана компьютерди алып чыгыңыз. Кандайдыр бир пластик жабууларын же коргоп турган пленканы алып салыңыз. Столго же иш аянтына мониторду жана компьютер коюңуз.

Компьютерди кутудан чыгаруу

Компьютериңизди жакшы желдетилген, жакшы аба агымы бар жерге койгонду унутпаңыз. Бул компьютердин ысып кетүүсүнөн сактайт.

2-кадам

Монитор кабелин тапкыла. Монитор кабелдеринин бир нече түрлөрү бар, ошондуктан, сиздин кабель төмөнкү сүрөттөн айырмаланышы мүмкүн.

VGA кабели

Эгер монитор кабелин таба албай жаткан болсоңуз, анда компьютериңиз үчүн нускама китепчесин караңыз. (Эгер монитору компьютерге тиркелген болсо, анда 4-кадамды аттап өтсөңүз болот).

3-кадам

Кабелдин бир жагын мониторго, дагы бир жагын компьютердин кутусуна туташтырыңыз. Төмөнкү сүрөттөгүдөй VGA кабелин колдонуп жаткан болсоңуз, аны коопсуз кылуу үчүн монитор кабелине бурмаларын бурап, бекитип коюңуз.

VGA кабелин кошуу

Көптөгөн компьютер кабелдери белгилүү бир жол менен гана тутуашат. Кабель туура эмес келип калып жатса, аны күч менен тутуашытрбаңыз, анткени бириктиргичтерине зыян келитирип аласыздар. Кабелдер портко туура келээрин текшерип, андан кийин аны менен байланыштырыңыз.

Кайсы кабель кайсы портко туура келээри тууралуу Кабелдерди туташтыруу интерактивден караңыз.

4-кадам

Баскычтопту кутудан алып чыгып, ал USB (бурчтуу) колдонот бекен же PS / 2 (тегерек) туташтыргычын колдонот бекен, текшерип көрүңүз. Бул USB туташтыргычын колдонсо, компьютердин артындагы USB портторунун бирине туташтырыңыз. Бул PS / 2 туташтыргычын пайдаланса, компьютердин артындагы кызгылт көк портуна туташтырыңыз.

USB кабелин кошуу

5-кадам

Чычканды кутудан чыгарып, ал USB же PS / 2 туташтыргычын колдонот бекен, текшерип көрүңүз. Бул USB туташтыргычын колдонсо,компьютер артындагы USB портторунун бирине сайып коюңуз. Ал PS / 2 туташтыргычын пайдаланса, компьютердин арткы бетиндеги жашыл чычкан портуна сайып коюңуз.

USB кабелин кошуу

Сиздин баскычтопто бир USB порту бар болсо, анда сиз чычканды түздөн-түз баскычтопко туташытрсаңыз болот.

Сизде зымсыз чычкан же баскычтоп болсо, аларды байланыштырыш үчүн Bluetooth ачкычын (USB адаптерин) кошууңуз керек болушу мүмкүн. Бирок, көп компьютерлерде Bluetooth орнотулган, ошондуктан адаптердин кереги жок болушу мүмкүн.

6-кадам

Тышкы динамиктериңер же гарнитруаңар болсо аларды компьютердин аудио портуна туташтырсаңыз болот (порт компьютердин маңдайында же артында болот) Көптөгөн компьютерлердин түс-код портторду бар. Динамик же гарнитрулар жашыл портко тутуашат, ал эми микрофондор кызгылт түс портторуна туташат. Көк түстөгү порт башка түмөк түрлөрүнө арналган.

Динамиктерди кошуу

Айрым динамиктер,гарнитуралар жана микрофондордун USB аркылуу туташат. Булар каалаган USB портуна байланыша алат. Мындан тышкары, көптөгөн компьютерлерде динамик жана микрофондору мониторго тиркелген.

7-кадам

Компьютериңиз менен келген эки көздүү электр айрысын табыңыз. Кабелдин бир жагын компьютердин артына туташтырып, дагы бирин розеткага сайыңыз. Андан кийин, башка кабелди колдонуп, бир жагын мониторго, бир жагын розеткага туташтырыңыз.

Компьютерди узарткычка кошуу

Сиз дагы үзгүлтүксүз электр энергиясы (UPS) менен камсыз кылсаңыз болот. Эгерде электр энергиясы капсынынан өчүп калса убакытлуу электр энергияны компьютерге берип турат.

8-кадам

Акырында узаркычты дубал розеткаларына кошуңуз. Ошондой эле электр узарткычында электр энергиясы бар болсо, аны жандырып койсоңуз болот.

Узаркычты там розеткасына кошуу

Эгерде узаркычыңыз жок болсо, компьютерди дароо там розеткасына туташтырсаңыз болот. Бирок, муну сунуштабайт элек, анткени электр толкундары компьютериңизге зыян алып келиши мүмкүн.

9-кадам

Эгер принтер, сканер, вебкамера, же башка жабдууларыңыз болсо, азыр аларды туташтырсак болот. Көптөгөн жабдууларды кошсо эле дароо иштейт, анкени алар кошулган соң компьютер аларды дароо тааныйт жана байланышат.

принтер

Кээ бир жабдуулардын программалары болушу мүмкүн, жабдууларды колдонуудан мурда ал программаларды орнотуу керек. Зарыл болсо, аны орнотуу үчүн жабдуулар менен камтылган көрсөтмөлөрдү колдонуңуз.

Жалпысынан алганда, жабдууларды кошуу милдеттүү эмес, жана каалаган убакта жаңы жабдууларды кошууга болот; Баштапкы орнотуу учурунда бардык жабдууларды кошуу кажети жок.

Орнотуу аяктады!

Бүттү! сиз компьютерди орнотуп бүттүңөр, эми колдонуп баштаңыз! Биз кийинки бир нече сабактарда компьютерди колдонуу боюнча көбүрөөк сөз кылабыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-first-computer/content/