Компьютер негиздери: Компьютер түшүндүрмөсү (What is a Computer?)

Lesson 2: Компьютер түшүндүрмөсү (What is a Computer?)

/en/tr_ky-computer-basics/-about/content/

Компьютер түшүндүрмөсү

Компьютер- бул электрондук түзмөк, ал маалымат менен иштейт. Анын маалыматты сактоо, алуу, жана аны иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Сиз компьютер аркылуу документтерди жазууну, электрондук кат жиберүүнү, оюн ойноону жана Желе аркылуу маалымат издөөнү билсеңиз керек. Ошондой эле жадыбалдарды түзүүнү, презентация, ал тургай, видеолор менен иштөөгө пайдалана аласыз.

Компьютердин түрлөрү жөнүндө үйрөнүү үчүн төмөндөгү видеону көрүңуз.

Техникалык жабдуу жана программалык камсыздоонун айырмасы

Компьютердин түрлөрү жөнүндө сөздү баштаганча, баардык компьютерлердин негизи эки нерседен түзүлөрүн белгилейли. Алар техникалык жабдуу жана программалык камсыздоо.

  • Техникалык жабдуу бул компьютердин физикалык түзүлүшү, мисалы, баскыч же компьютер чычканы. Ошондой эле төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөндөй, компьютердин ички жабдыктары.
     Motherboard сүрөтү
  • Программалык камсыздоо, техникалык жабдууга эмне жана кантип кылыш керектигин айткан көрсөтмөлөрдүн жыйындысы. Программалык камсыздоого веб-браузерлер, оюндар, сөз түзмөктөрү кирет. Төмөндө сиз Microsoft PowerPointтун сурөтүн көрө аласыз, ал презентация түзүүгө жаратылган.
    PowerPoint 2013 экран сүрөтү

Компьютерде баардык жасалган иштер программалык камсыздоодо жана техникалык жабдыктарда сакталат. Мисалы, азыркы учурда бул сабакты браузер аркылуу(программалык камсыздоо) жана барактары алмаштырууга компьютер чычканы менен (техникалык жабдык) иштеп жатасыз. Компьютердин ар түрлөрү жөнүндө үйрөнүп жатканда, техникалык жабдыктарына көңүл буруңуз. Бул үйрөткүч менен окуп жатканда, компьютердин түрлөрү, ар түрдүү программалык камсыздоону колдоноорун да үйрөнөсүңөр.

Компьютердин түрлөрү кандай?

Компьютер деген сөздү укканда адамдардын көбү жеке компьютер (ПК) же лэптоп деп ойлойт. Бирок, компьютер биздин жашообузда ар түрдүү көлөм жана формада болуп, көптөгөн милдеттерди аткарат. Сиз банкоматтан накталай акча алганыңызда, дүкөндө жемиштерди сканерден өткөргөндө же калькуляторду пайдаланганда, компьютердин ар түрүн колдонуп жатасыз.

компьютерди колдонгон  адамдардын торчосу (grid )

Иш-такта компьютери

Иш-такта компьютери

Көп адамдар иш-такта компьютерди жумушта, үйдө жана мектепте колдонушат. Иш-такта компьютери атайын иш столго орнотууга жасалган. Ал адаттагыдай эле бир нече бөлүктөрдөн турат: алар монитор,компьютер кутучасы, чычкан жана баскыч.

Лэптоп компьютерлери

Лэптоп

Компьютердин экинчи түрү бул лэптоп компьютери, көбүнчө лэптоп деп аталат. Лэптоптор батерея аркылуу иштеп, иш-такта компьютерлеринен алда канча портативдүү, аны каалаган жакта иштетсеңиз болот.

Планшет компьютери

Планшет компьютери

Планшет компьютери, колдук планшети лэптопко караганда да портативдүү. Баскыч жана чычкандын ордуна сенсордук экран аркылуу тергенди жана жылдырууну колдонушат. iPad планшеттин бир мисалы.

Серверлер

Сервер бөлмөсү

Сервер бул тармактагы башка компьютерлерге маалыматты ташып кызмат кылган компьютер. Мисалы, сиз интернетти колдонгон сайын, серверде сакталган маалыматтын ичинен карайсыз. Көптөгөн ишканалар, жергиликтүү файл серверлерди колдонушуп, ичинде файлдар менен бөлүшө алышат.

Компьютердин башка түрлөрү

Азыркы учурдун электроникасы, негизинен атайын жасалган ар тараптуу компьютерлер, бирок биз андай деп дароо ойлонбойбуз. Бул жерде бир нече жалпы мисалдар берилген.

  • Уюлдук телефондор: Көптөгөн уюлдук телефондор, компьютер аткаруучу нерселерди кыла алат, керек болсо интернеттен издөөнү жана оюн ойноону. Алар жалпысынан смартфон деп аталат.
  • Тагынмалар: Тагынма технологиялар бул күн бою кийилгенге багытталган, анын ичинде дене тарбия трекерлери жана акылдуу саатар да кирет. Бул технологиялар көп учурда тагынмалар деп кыскартылган.
  • Оюн консолдору: оюн консолу сыналгыда оюндарды ойноо үчүн колдонулат
  • Сыналгылар: Көптөгөн сыналгылар эми ар кандай колдонмолорду камтып, онлайн ар кандай мазмунга кире алат. Мисалы, сиз түздөн-түз сыналгыга Интернеттен видео агым кылсаңыз болот.

Жеке компьютер (ПК) жана Mac

Жеке компьютерлер негизинен эки стилде кездешет: Жеке компьютер жана Mac. Экөө тең функционалдуу, бирок ар бири өзгөчө айырмаланып турат. Адамдар өз табитине жараша тандап алышат.

Жеке компьютерлер

windows жеке компьютери

Компьютердин бул түрү 1981-жылы алгачкы IBM PC менен киргизилген. Башка компаниялар буга шайкеш компьютерледи түзүп, аны IBM PC- Compatible деп аташкан. Бүгүнкү күндө, бул жеке компьютердин эң көп жайылган түрү болуп саналат. Ал, адатта, Microsoft Windows оперативдүү системасын камтыйт.

Mac

Mac компьютери

Macintosh компьютери 1984-жылы киргизилген, жана бул биринчи эң көп сатылган жеке компьютер болуп саналат, ал колдонуучулардын орнотуусу же GUI менен жасалган. Бардык Mac компьютерлери Apple компаниясы тарабынан жасалган, алар дээрлик дайыма Mac OS X оперативдүү системасын колдонушат.

/en/tr_ky-computer-basics/-basic-parts/content/