Excel 2016 Негиздери: Иш-китептерин түзүү жана ачуу (Creating and Opening Workbooks)

Lesson 3: Иш-китептерин түзүү жана ачуу (Creating and Opening Workbooks)

/en/tr_ky-excel-2016/onedrive-/content/

Иш-китептерин түзүү жана ачуу

Excel файлдары иш-китептери деп аталат. Сиз Excel бир жаңы долбоор баштасаңыз, сиз иш-китебин түзүшүңүз керек. Excel'де иш-китепче менен иштеп баштоо үчүн бир нече жолдору бар. Сиз жаңы иш-китебин, же бош китепчени түзүп, же алдын-ала дизайны бар калыпты ачып, же азыр бар иш-китебин ача аласыз.

Excel'де иш-китептерди ачуу, түзүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

OneDrive жөнүндө

Сиз иш-китепти ачып же сактап жатсаңыз, OneDrive колдонуу мүмкүнчүлүгү бар болот, ал онлайн файл сактоо кызматы сиздин Microsoft Аккаунтуңузга кошулган болот. Бул параметрди иштетүү үчүн, Office'ке кирүүңүз керек. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин OneDrive түшүнүү сабагыбызды көрүңүз.

OneDrive өтмөгүндөгү OneDrive


Бош иш-китебин түзүү үчүн:

  1. Файл өтмөгүн тандаңыз. Экрандын арткы көрүнүшү пайда болот.
    Экрандын арткы көрүнүшүнө өтүү үчүн Файл өтмөгүн басыңыз.
  2. Жаңы (New) тандаңыз, анан Бош-иш китебин чыкылдатыңыз.
    Жаңы өтмөктө Бош иш-китебин басыңыз.
  3. Жаңы бош иш-китеби пайда болот.

Учурдагы иш-китепти ачуу үчүн:

Жаңы иш-китептерин түзүүдөн тышкары, көп учурда буга чейинки сакталган иш-китебин ачуу керек болот. Иш-китептерин сактоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Иш-китептерин сактоо жана бөлүшүү сабактарын караңыз.

  1. Экран артындагы көрүнүшүнө өтүңүз жана ачыңыз.
    Экрандын арткы көрүнүшүндө ачуу
  2. Компьютерди тандап, анан серептөөнү басыңыз. Сиз ошондой эле OneDrive'да сакталган файлдарды ачуу үчүн OneDrive тандап алыңыз.
    Серептөө
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Иш-китебиңиздин жайгашкан жерин тандап, аны ачыңыз.
    Ачык баарлашуу

Эгер сиз жакында керектүү иш-китебин ачкан болсоңуз, эми сиз файлды издегендин ордуна акыркы иш-китептерди серептесеңиз болот.

Акыркы иш-китебин ачуу

Иш-китебин кадап коюу үчүн:

Сиз бир иш-китеби менен көп иштесеңиз, аны тез ачуу үчүн экрандын арткы көрүнүшүнө кадап койсоңуз болот.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө өтүп, анан Ачуу баскычын чыкылдатыңыз. Акыркы түзөтүлгөн иш-китептери чыгат.
    Жакында түзөтүлгөн иш китептерине өтүү
  2. Сиз кадап койгуңуз келген иш-китебиңиздин үстүнө курсорду алып келиңиз. Сайгычтын сүрөтчөсү иш-китептин жанында көрүнөт. Сайгыч сүрөтчөсүн чыклдатыңыз.
    Акыркы иш-китепти кадап коюу
  3. Иш-китеби акыркы иш-китептеринде кала берет. Иш-китебин кадоодон чыгаруу үчүн жөн гана сайгыч сүрөтчөсүн кайра чыкылдатып коюңуз.
    Кадалган иш-китеби

Калыптарды колдонуу

Сиз жаңы иш-китебин тез түзүү үчүн калып менен колдонсоңуз болот, ал алдын ала дизайндалган жадыбал. Калыптар көбүнчө алдын ала форматталган, алардын формулалары бар, ошондуктан жаңы долбоорду баштап жатканда, силерге убакыт жана күч жагынан бир топ үнөмдүү болот.

Калыптан жаңы иш-китебин түзүү үчүн:

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файлды чыкылдатыңыз.
    Экрандын арткы көрүнүшүнө өтүү үчүн Файл өтмөгүн басыңыз.
  2. Жаңыны тандоо. Бош иш-китептери параметринн астында бир нече калыптар көрүнөт.
  3. Аны карап чыгуу үчүн калыпты тандаңыз.
    Калыпты тандаңыз
  4. Калыптын алдын ала көрүүсү пайда болот жана жанында калыптын пайдаланышы тууралуу кошумча маалымат алыңыз.
  5. Тандалган калыпты колдонуу үчүн Түзүү баскычын чыкылдатыңыз.
    Калыбы менен жаңы иш-китебин түзүү
  6. Тандалган калып менен жаңыиш-китеби пайда болот.

Өзгөчө бир нерсе табыш үчүн издөө тилкесинен бир нерсе издеп, же категорияга жараша калып серептесеңиз болот.

Калыпты издөө

Бардык калыптар Microsoft тарабынан жаратылган эмес, муну белгилей кетүү маанилүү. Көптөгөн калыптар үчүнчү тараптын иштеп чыгуучулары, ал тургай, айрым колдонуучулары тарабынан түзүлгөн, ошондуктан кээ бир калыптар башкаларга караганда жакшыраак иштеши мүмкүн.

Шайкештик режими

Кээде, Microsoft Excel мурунку версияларында, мисалы Excel 2003 же Excel 2000 түзүлгөн иш китептери менен иштөө керек болуп калат. Эгер иш-китептеринин бул түрлөрүн көрүү үчүн ачсаңыз, ал Шайкештик режиминде пайда болот.

Шайкештик режими айрым функцияларды өчүрөт, андыктан ошол иш-китеби түзүлүүдөгү колдонулган буйруктарды гана пайдалана аласыз. Мисалы, Excel 2003-жылы түзүлгөн иш-китебин ачсаңыз, анда бир гана Excel 2003 тиешелүү өтмөктөр жана буйруктарын колдоно аласыз.

Төмөнкү сүрөттө, шайкештик режиминде иштеп жаткан иш-китебин көрө аласыз, ал терезенин жогору жагында, файлдын атынын жанында жайгашкан. Бул кээ бир Excel 2016 өзгөчөлүктөрүн өчүрөт, алар Тасмада өчүп турат.

Шайкештик режимде өчүрүлгөн буйруктар

Шайкештик режиминен чыгуу үчүн, сиз иш-китебин учурдагы версияга коныертация кылышыңыз керек. Бирок, сиз башкалар менен кызматташып жаткан болсоңуз, жана алар Excel'дин эски версиясына гана мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда иш-китебин шайкештик режимде калтырган жакшы, аткени форматы өзгөрбөйт.

Иш-китебин конвертациялоо үчүн:

Сиз Excel 2016 өзгөчөлүктөрдүн баарына мүмкүнчүлүк алгыңыз келсе, иш-китепти Excel 2016 файл фоматына конвертация кыла аласыз.

Файлды конвертация кылуу менен түпнуска макети өзгөрүп кетээри мүмкүн экенин эстен чыгарбаңыз.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файл өтмөгүн чыкылдатыңыз.
    Файл өтмөгүн чыкылдатуу
  2. Конвертация буйругун таап, тандаңыз.
    Иш-китебин жаңы файл түрүнө которуу
  3. "Катары сактоо" диалог кутучасы пайда болот. Иш-китебин сактоо үчүн жер тандаңыз жана файлдын атын жазып, сактаңыз.
    Иш-китебинин жаңы нускасы сакталууда
  4. Иш-китеби жаңы файл түрүнө конвертация болот.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Практикалык иш-китебибизди ачыңыз!
  2. Биздин иш-китебибиз шайкештик режиминдесиз ачылат 2016 файл форматына иш-китебин конвертациялаңыз. Жаңы функцияларды көрүү үчүн файлды жаап кайра ачкыңыз келеби деп диалог кутучасы ачылат. "Ооба" деп тандаңыз.
  3. Акырында, Экрандын арткы көрүнүшүндө файлды же папканы кадап коюңуз.

/en/tr_ky-excel-2016/-saving-and-sharing/content/