Excel 2016 Негиздери: Барак жайгашуусу жана басып чыгаруу (Page Layout and Printing)

Lesson 12: Барак жайгашуусу жана басып чыгаруу (Page Layout and Printing)

/en/tr_ky-excel-2016/-checking-spelling/content/

Барак жайгашуусу жана басып чыгаруу

Сиз иш-китепти көрүү жана дайындарды оффлайн бөлүшүү үчүн аны басып чыгаргыңыз келиши мүмкүн. Сиз барактын жайгашуусун тандап алган соң, аны көрүп, Басып чыгаруу аркылуу кагазга чыгарган оңой болуп калат.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Барак жайгашуусу жана басып чыгаруу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Басып чыгаруу тактасына мүмкүнчүлүк алуу үчүн:

  1. Файл өтмөктү тандаңыз. Экрандын арткы көрүнүшү пайда болот.
    Тасмадагы файл өтмөгү
  2. Басып чыгарууну тандаңыз. Басып чыгаруу тактасы пайда болот.
    Экрандын арткы көрүнүшүнөн Басууну тандоо

Басып чыгаруу панелин колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү интерактив баскычтарын чыкылдатыңыз.

  • Басып чыгаруу: Иш-китебин басып чыгаруу үчүн бул баскычты чыкылдатыңыз.
  • Көчүрмөлөрү: Бул жерде сиз канча көчүрмөнү басып чыгаргыңыз келсе, нускасын тандайсыз.
  • Принтер: Эгер сизде бир нече принтерлер бар болсо, сиз колдонгуңуз келгенин тандаңыз.
  • Басып чыгаруу диапазону: Бул жерде сиз активдүү баракчаларды же иш-китептин бардыгын басып чыгарасызбы, аны тандаңыз.
  • Салыштыруу: Эгер бир нече көчүрмөнү басып жатсаңыз аларды салыштырууну же салыштырбоону тандасаңыз болот.
  • Барак Багыты: Бул жерден китеп же альбом түрүн тандап аласыз.
  • Барак көлөмү: Эгер принтериңиз колдосо каалган барак көлөмүн тандасаңыз болот.
  • Барак четтери: Барак четтеринин аралыктарын өзгөртүүгө болот.
  • Өлчөм: Бул жерде сиз барактын өлчөмүн тандай аласыз.
  • Барак тандоо:Сиз бул жерден жебени чыкылдатып, башка баракты көрсөңүз болот.
  • Алдын ала көрүү тилкеси: Бул жерде сиздин барагыңыз басылып чыкканда кандай көрүнөөрүн алдын-ала көрө аласыз.
  • Барак четтерин көрсөтүү / Баракты чоңойтуп-кичирейтүү: Баракты чоңойтуп-кичирейтүү Алдын ала көрүү тилкесинде иштейт. Сол жактагы Барактын четин көрсөтүү баскычы Алдын ала көрүү тилкесинде барак четтерин көрсөтөт.

Иш-китебин чыгарыш үчүн:

  1. Басып чыгаруу панелине өтүп, каалаган принтерди тандаңыз.
    Керектүү принтерди тандоо
  2. Басылып чыга турган нускалардын санын киргизиңиз.
    Нускалардын саны
  3. Зарыл болсо, кошумча орнотууларды тандаңыз.
    Кошумча басма жөндөөлөрү
  4. Басып чыгарууну чыкылдатыңыз
    Басып чыгаруу баскычын чыкылдатуу

Басып чыгаруу аймагын тандоо

Сиз Excel иш-китебин басып чыгаруудан мурун, кайсы маалыматты чыгарганы жатасыз, аны так билишиңиз керек. Мисалы, сиз иш-китебиңизде бир нече иш-барактары болсо, сиз алардын барын басып чыгарасызбы же жөн гана активдүү барактарды басасызбы - аны чечишиңиз керек. Кээде иш-китептин ичиндеги кичинекей гана жерди басып чыгарууну каалашыңыз мүмкүн.

Активдүү барактарды чыгарыш үчүн:

Иш-барактары тандалып турганда - алар активдүү деп саналат.

  1. Басып чыгарууну каалган иш-барагын тандаңыз. Бир нече иш-барагын чыгаруу үчүн биринчи баракты чыкылдатып, баскычтоптон Ctrl баскычын басып, кармап анан каалаган иш-китептерди тандаңыз.
    Бир нече иш-барактарын тандоо
  2. Басып чыгаруутилкесине өтүңүз.
  3. Активдүү иш-барактарын тандаңыз.
    Басуу диапазонун Активдүү Барактарды Басууга өзгөртүү.
  4. Басып чыгаруу баскычын чыкылдатыңыз.
    Басып чыгаруу баскычын чыкылдатуу

Толугу менен иш-китебин чыгарыш үчүн:

  1. Басып чыгаруу тилкесине өтүңүз.
  2. Бүтүндөй иш-китепти басып чыгарууну тандаңыз.
  3. Басып чыгаруу баскычын чыкылдатыңыз.
    Басып чыгаруу баскычын чыкылдатуу

Тандалган аймакты чыгарыш үчүн:

Биздин мисалда, биз Борбордук иш-барактагы мыкты 40 сатуучулар үчүн жазууларды басып чыгарабыз.

  1. Сиз басып чыгаруучу уячаларды тандаңыз.
    басып чыгаруу үчүн барактын бир бөлүгүн тандоо
  2. Басып чыгаруу тилкесине өтүңүз.
  3. Тандалган нерсени басып чыгарууну тандаңыз.
    Басуу диапазонун бир Бөлүктү Басууга өзгөртүү.
  4. Алдын ала көрүү панелинде чыгуучу нерсе пайда болот.
    Басууларды алдын ала карап чыгуу
  5. Тандоону басып чыгаруу үчүн Басып чыгаруу баскычын чыкылдатыңыз.
    Басып чыгаруу баскычына чыкылдатуу

Эгер кааласаңыз басып чыгаруу аймагын белгилеп койсоңуз болот, ошондо сиз кайсы уячалар кандай басып чыгарылаарын билип турасыз. Сиз басып чыгарууну каалаган уячаларды тандаңыз, Баракча Жайгашуу өтмөгүн чыкылдатыңыз, Аймакты Басуу буйругун тандаңыз жана Басып чыгаруу аймагын белгилеңиз. Толугу менен иш-китебин басып чыгаруу үчүн басып чыгарылуучу аймакты жок кылыңыз.

Басып чыгаруу аймагын жөндөө

Мазмунду жөнгө салуу

Учурдан пайдаланып, мазмун басылып чыккан баракта жакшы көрүлүп турушу үчүн сиз иш-китебиңизди Басып чыгаруу тилкесинен бир аз оңдоп койсоңуз болот. Басып чыгаруу панелинин бир нече куралдары бар, алар мазмунду батырууга жана жайгаштырууга жардам берет.

Барак багытын өзгөртүү үчүн:

Excel'де эки барак багыты бар: Китеп жана Альбом. Китеп багыты баракты тигинен кылат жана Альбом болсо баракты туурасынан багыттайт. Биздин мисалда, биз альбом катары жөндөйбүз.

  1. Басып чыгаруу тилкесине багыттоо.
  2. Каалаган багытты Барак Багыты менюсунан тандаңыз. Биздин мисалда, биз Альбом багытын тандап алабыз.
    Басып чыгаруу панелиндеги Баракча Багыты менюсу
  3. Алдын ала көрүү панелинде жаңы барак багыты көрсөтүлөт.
    Алдын ала көрүү панели Альбом багытында документти көрсөтөт

Басып чыгаруу алдында мазмунду тууралоо үчүн:

Эгер мазмундун бөлүктөрү баракка батпай калса, аны баракка баткыдай кылып оңдосо болот.

  1. Басып чыгаруу панелине өтүңүз. Биздин мисалда, алдын ала көрүү панелинде биздин мазмун басып чыкканда кесилип калаарын көрө алабыз.
    Мазмундун бир бөлүгү алдын ала көрсөтүүдө кесилген.
  2. Өлчөмдү өзгөртүү жайылма менюдан каалаган параметрди тандаңыз. Биздин мисалда, биз Бардык тилкелерди Бир Баракка батырууну тандайбыз.
    Басып чыгаруу тилкесинде жайылма менюну ченөө
  3. Иш-барагы бир бетке батуу үчүн жылышат.
    Жаңы ченөө параметри алдын ала көрүү панелиндк көрсөтүлөт.

Иш-барагы окуу оор болуп калат, анткени ал кичирейген, ошондуктан абдан көп маалымат бар болсо бул ыкманы колдонбой эле койгон жакшы. Биздин мисалда, биз кайра ордуна кайтабыз да Масштабды Жок кылабыз.

Аталыштарын басып чыгарууну кошуу үчүн:

Эгер иш-барагыңызда аталыштар бар болсо, аларды ар бир баракчага коюу маанилүү болуп саналат. Аталыштары жок иш-барагын окуу оор болуп калмак. Аталыштарды Басуу буйругу сизге каалган саптарды жана илкелерди ар бир бетте пайда болгондой кылып жөндөөгө жардам берет.

  1. Тасмадагы Барак Жайгашуусу өтмөгүнө өтүп, Аталыштарды Басып чыгаруу буйругун тандаңыз.
    Баракча Жайгашуусу өтмөгүндө аталыштарды басуу буйругу.
  2. Баракты жөндөө диалог кутучасы пайда болот. Бул жерден, сиз ар бир бетте кайталануучу саптарды же тилкелерди тандай аласыз. Биздин мисалда, биз сапты кайталайбыз.
  3. Диалог кутусун жабуу баскычын чыкылдатыңыз.
    Диалог кутусун жабуу баскычын чыкылдатуу
  4. Курсор кичинекей тандоо жебеси болуп калат. Ар бир басылган беттин жогору жагына кайталанчу саптарды тандаңыз. Биздин мисалда, биз 1-сапты тандайбыз.
    Кайталоо үчүн А-сабын тандоо
  5. 1-сап жогору жакта кайталанып туруучу Саптарга кошулду. Диалог кутусун жабуу үчүн чыкылдатыңыз.
    Баракча Орнотуу Диалогго кайтуу үчүн жабуу баскычын чыкылдатуу.
  6. Баракты Жөндөө диалог кутусу пайда болот. Тилкелерде да кайталоо үчүн ушундай эле процессти жасаш керек. Биздин мисалда, биз 1-сап жана А-тилкесин тандап алдык.
  7. Эгертандоолоруңар менен ыраазы болсоңуз, ОК басыңыз.
    ОК басыңыз
  8. Биздин мисалда, 1-сап ар бир беттин жогору жагында пайда болот, ошондой эле А-тилкеси ар бир барактын сол жагында пайда болот.
    1-сап жана А-тилкеси алдын ала көрүү бетинде ар бир баракчада көрсөтүлгөн.

Баракча үзүлүшүн жөндөө үчүн:

  1. Барак үзүлүшү көрүнүшүнө өзгөртүү киргизүү үчүн Барак үзүлүшү көрүнүшү буйругун чыкылдатыңыз.
    Терезенин төмөнкү оң жагындагы Баракча Үзүлүшүн алдын ала көрүү
  2. Тик жана түз көк чекит сызыктар барактын үзүлүшүн түшүндүрөт. Баракча үзүлүшүн жөндөө үчүн бул чыктардын бирин чыкылдатып, сүйрөңүз.
    Барак үзүлүшүн көрүү
  3. Биздин мисалда, биз 21 жана 22-саптар ортосуна барак үзүлүшүн жөндөдүк.
    Барак үзүлүшүн чыкылдатып, сүйрөө
  4. Биздин мисалда, бардык барактар бирдей саптардын санын көргөзүүдө, анткени биз ошондой кылып жөндөдүк.
    Басып чыгарууну алдын ала көрсөтүүсүндө жаңы барак үзүлүштөрү.

Алдын ала көрүү панелинде барак четтерин өзгөртүү:

Барактын чети бул барактын кырынан баштап мазмунга чейинки аралык. Кээде сиз маалыматтарды баракта туура жайгаштыруу үчүн барак четтерин жөндөшүңүз керек болот. Сиз Басуу тилкесинен барак четтерин өзгөртө аласыз.

  1. Басып чыгаруу тилкесине өтүңүз.
  2. Менюдан Барак Четтеринин аралыгын тандаңыз. Биздин мисалда, биз Ичке Четти тандайбыз.
    Басып чыгаруу панелиндеги Баракча четтери менюсу.
  3. Алдын ала көрүү тилкесинде жаңы баракча чети көрсөтүлөт.
    Алдын ала көрүү панелинде жаңы баракча четтер көрсөтүлөт.

Сиз барак четин өзүңүз жөндөсөңүз болот, ал үчүн Барак Четин көрсөтүү баскычын басыңыз, анан алдын ала көрүү панели аркылуу жылдыргыла.

Барак четтерин көрсөтүү баскычы.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин түбүндөгү East Coast өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  3. Барак жайгашуусу өтмөгүнөн Аталыштарын Басуу функциясын колдонуп, 1-сапты жогору жакта ал эми А-тилкеси сол жакта кайталануусун жөндөңүз.
  4. Барак үзүлүшүн алдын ала кароо буйругун колдонуп барак үзүлүшүн 40 жана 41 саптарынын ортосуна алып келгиле.
  5. Экрандын арткы көрүнүшүнөн Басуу тилкесин ачыңыз.
  6. Басып чыгаруу панелинен барактын багытын Альбом кылгыла.
  7. Барак четин Ичке кылып өзгөртүңүз.
  8. Бардык тилкелер Бир Бетке батсын деп жөндөңүз.
  9. Бүткөндөн кийин, алдын ала басуу бети ушул сыяктуу болушу керек:

    Басуу чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-intro-to-formulas/content/