Интернет коопсуздугу: Браузериңиздин коопсуздук мүнөздөмөлөрү (Browser Security)

Lesson 3: Браузериңиздин коопсуздук мүнөздөмөлөрү (Browser Security)

/en/tr_ky-internet-safety/-strong-passwords/content/

Браузериңиздин коопсуздук мүнөздөмөлөрү

Ар дайым вебсайтыңызды карап чыгууда компьютериңиз ар түрдүү коркунучтар менен беттешет, аларга вирустар, зыяндуу жана шпиондук программалар кирет. Жакшы кабар сиздин веб браузериңизде комьпютериңизди коргоого жардам берүү үчүн көп коопсуздук жагдайлар каралган . Келгиле сизге билиш керек болгон кээ бир абдан маанилүү өзгөчөлүктөрдү карап чыгалы, ошондой эле онлайнда коопсуз калуу үчүн бир нече жөнөкөй кеңештерди колдоно аласыз.

Браузериңиздин ажырагыс өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү тууралуу төмөнкү видеону көрүңүз.

Веб дарегин текшерүү

Зыяндуу вебсайттар колдонуучуларды алддоо үчүн тез-тез адаштыруучу веб даректерин колдонушат. Мисалы, www.wellfargo.com окшош көрүнөт www.wellsfargo.com , бирок ортосунда s жетишпей жатат.

Домендин атын эки жолу текшерүүнүн жакшы жагы сиз ишенимдүү сайтта эмес, окшош желе дареги менен жасалма сайтка жаткан камсыз кылуу үчүн жакшы жолу болуп саналат. Кээ бир веб браузерлер домендин атын окуганга оңойлотуп бергенге дагы аракет кылышат.

белгиленген домендин аты дарек тилкесинде

Коопсуздук белгисин караңыз

Кээ бир вебсайттар дарек тилкесинде кулпу белгисин көрсөтүшөт. Бул көбүнчө вебсайттардан, онлайн дүкөндөрдөн жана интернет банкинг сайттарынан көрүүгө болот. Бул сайт сиздин жеке маалыматты киргизүүдө вебсайтыңыздын коопсуз болушу үчүн, HTTPS байланышын колдонуп жатат дегенди билдирет.

HTTPS  белгиси

Сиз бардык вебсайттарда ушул белгини көрө албайсыз, ал жакшы. Бардык эле вебсайттар мындай кошумча коопсуздук катмарын керектебейт. Бирок бардык маалыматтарды киргизүүдөн качышыбыз керек, мисалы насыялык карточкаңыздын номерин эгер сиз ал белгини көрө албасаңыз.

Браузериңизди дайыма жаңылап туруңуз.

Жаңы вирустар жана зыяндуу программалар ар дайым түзүлүп турат, ошондуктан дайыма браузериңизди жаңылап туруу маанилүү. Сиздин браузер адатта качан жаңыртуу мүмкүн экендигин эскертип турат, бирок сизде дайыма жаңылоого мүмкүндүк бар. Бул мисалда, Google Chrome ду эң акыркы версияга жаңылап өзгөртүп жатабыз, бирок так өзгөртүү жол-жобосу сиздин браузериңиздин өзгөрүшүнө жараша болот.

Google Chrome жаңыртуу

/en/tr_ky-internet-safety/-spam/content/