Интернет коопсуздугу: Браузер плагиндерди орнотуу жана жаңыртуу (Plug-ins)

Lesson 10: Браузер плагиндерди орнотуу жана жаңыртуу (Plug-ins)

/en/tr_ky-internet-safety/-virus/content/

Браузер плагиндерди орнотуу жана жаңыртуу

Плагиндеги ката билдирүүлөр менен кармашуу

Плагин деген эмне?

Плагиндер кичинекей колдонмо, веб браузердин ичиндеги белгилүү түрлөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, желедеги видеолордун көпчүлүгүн көрүү үчүн Adobe Flash Player деп аталган Плагин керек болот.

Башка негизги плагиндер браузерде Adobe Reader ни өзүнө камтыйт дагы PDF файлдарды кароого мүмкүнчүлүк берет жана Microsoft Silverlight, жана Netflix сыяктуу сайттар үчүн талап кылынат Сиз балким Java жана QuickTime сыяктуу кээ бир эски плагиндер менен тааныш болушуңуз мүмкүн, мындан ары анча маанилүү болбосо дагы.

Эскертүү: эгер сиз ноутбук же иш тактанын ордуна мобилдик түзмөктү колдонсоңуз, анда сиз плагиндерди кол менен жаңыртууга кабатыр болбой эле койсоңуз болот.

Плагиндерди жаңыртууну сактоо

Плагиндер жаңы ар кандай себептер менен жаңыртылат ошондой эле жаңы мүнөздөмөлөр жана коопсуздук эрежелерин камтыйт. Ушул себептен улам, көпчүлүк сайттар Adobe Flash Player сыяктуу жалпы плагиндердин акыркы нускасын берүүнү күтүшөт. Эгер сиз акыркы нуска менен иштебесеңиз, анда мазмундун ордуна ката билдирүүлөрдү көрүшүңүз мүмкүн.

Google Chrome веб браузери автоматтык түрдө сиздин плагиндерди жаңыртып турат. Эгер сиз Internet Explorer, Mozilla Firefox, же Safari сыяктуу браузерлерди колдонсоңуз, анда сиздин плагиндерди кез-кезде жаңыртып турушуңуз керек.

Плагин ката билдирүүлөр

Плагинди кантип орнотуп же жаңыртыш керек:

Бул мисалда, Adobe Flash Player ни жаңыртабыз, бирок көпчүлүк плагиндерди орнотууда же жаңыртууда ушул көрсөтмөлөрдү колдонсоңуз болот.

Эгер сиз төмөндөгүдөй сыяктуу билдирүүнү көрсөңүз, анда плагиндин акыркы нускасын жүктөп алышыңыз керек.

Adobe Flash Player үчүн плагин ката  билдирүүсү

Бирок, биз плагинди түздөн-түз бул эскертүүчү билдирүү аркылуу жаңыртууну сунуш кылбайбыз. Кээ бир адаштырма жарнамалар амалкөйлүк менен эскертүү билдирүүгө окшойт бирок, алар, чынында, жаңыртуу бетине алып барбайт. Ошондуктан плагиндердин вебсайтынан түздөн-түз жүктөп алуу жакшы болот.

Муну жасаш үчүн, Google сыяктуу изилдөө системасына барып андан кийин жаңыртуу же орнотууларды изилдөө керек [Плагиндин аты бул жерде]. Бул мисалда, Adobe Flash Player жаңыртуусун изилдейбиз. Көп учурларда, сиз туура бетти эң жогорку изилдөө жыйынтыктарынан таба аласыз.

Flash Player үчүн жаңыртууну изилдөө

Жүктөөнү же орнотуу баскычты жайгаштырып жана тандаңыз. Кээ бир плагиндер дагы кошумча программалык камсыздоолорду орнотууга аракет кылышы мүмкүн, бул сыяктуу ар кандай сунуштарды жокко чыгаруу керек.

 Flash Player ни жүктөө

Жайгаштыруу жана кош чакылдатуу файлды орнотууда (адатта ал сиздеги Жүктөөлөр папкасында болот). Плагинди орнотуудан мурун веб браузерди жабуу керек экенин эстеңиз.

Орнотуу файлын ачуу

Көрүнгөн көрсөтмөлөрдү ээрчиңиз. Плагин эң акыркы нускада жаңыртылат.

 Flash Player ни жүктөө

Көп учурларда, сиздин браузер автоматтык түрдө орнотууну ырастоочу жаңы бетти ачат Бул плагинди каалаган учурда колдонууга даяр экендигин билдирет.

Adobe Flash орнотууну тастыктоо

Болгону ушу!

Көрүнүп тургандай, сиздин плагиндерди жаңыртуу өтө жөнөкөй болуп саналат, ал эми желедеги ар кандай мазмундардын түрлөрүн карап баш оорудан оолак болууга жардам берет.

/en/tr_ky-internet-safety/-phone/content/