Интернет коопсуздугу: Сиздин компьютерге вирус кирсе эмне кылуу керек (Virus)

Lesson 9: Сиздин компьютерге вирус кирсе эмне кылуу керек (Virus)

/en/tr_ky-internet-safety/-social-media/content/

Сиздин компьютерге вирус кирсе эмне кылуу керек

Антивирус программалар кутучалары жана сүрөтчөлөрү курчаган компьютер

Компьютер вирустары кооптуу болушу мүмкүн жана аларды олуттуу кабыл алуу керек. Бирок, олуттуу зыянга чейин аларды жоготуу жолдору бар. Вирустарды скандоонун жана аны жоготуунун жөнөкөй жолдорун карап чыгабыз, бирок олуттуу вирустарды толугу менен жок кылып, компьютериңизди оңдоо үчүн техникалык колдоо боюнча адис керек болоорун унутпаңыз.

Антивирус программасы

Эгер сизде алиге чейин антивирус программасы жок болсо, анда алардын бирин орнотуңуз. Бир гана антивирус программасы орнотулганын текшериңиз, себеби бирден көп антивирус орнотулган болсо бул чоң көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Антивирус программалардын мисалдары: BitDefender , Norton жана Kaspersky .

Системаны скандоо

Антивирус программаңыз иштеп жатканын текшерип туруп, скандоону баштаңыз. Муну кантип жасаса болоорун билбей жатсаңыз, анда, антивирус программасы үчүн документтерди карап чыгыңыз. Бул адатта, иштеп чыгуучунун сайтынан табууга болот. Кээ бир программалар ар кандай скандоонун түрлөрүн талап кылат жана сиз жалпы скандоону тандасаңыз болот (адатта толук системалык скандоо деп аталат). Бул үчүн бир нече саат талап кылынышы мүмкүн. Адатта, сиз скандоо учурунда компьютерде отурганыңыздын зарылчылыгы жок.

Эч кандай вирус же зыяндуу программалар табылбаса, бирок компьютериңиз начар иштеп жатса башка көйгөй чечүү ыкмаларын колдонуп көрүңүз же компьютер адиске көрсөтүңүз.

Вирус скандоону баштоо баскычын басуу

Коркунучтарды карап көрүңүз жана сунушталган аракеттер менен таанышыңыз

Же скандоо учурунда же скандоо бүткөндө, антивирус программасы табылган коркунучтар тууралуу билдирет жана ар кандай чечимдерди сунуш кылат. Адатта, ар бир коркунуч үчүн сунушталган иш-аракеттер мыкты тандоо болуп саналат. Антивирус эч кандай коркунучту жок кыла албаса, аны четке какпагыла. Интернет издөө системаларына же адиске кайрылып, эмне кылыш керек экенин изилдеңиз. Антивирус программасынын колдоо кызматы көп учурда ушул жерден сизге жардам бере алат.

Вирус скандоо натыйжалары

Кесепеттүү программа (Malware)

Сиздин антивирус программаңыз анти-malware менен бириктирилген болушу мүмкүн. Эгер жок болсо, анти-malware программаны орнотуп, скандоону баштасаңыз болот. Бул сиздин антивирус таппай калган ар кандай malware, кесепеттүү программаны табууга жардам берет. Антивирус жана анти malware программалары бир аз башкача нерселерди скандайт, бирок алар окшош иштейт жана бул үйрөткүчтөгү кадамдарды кылсаңыз болот.

Башка нерселер иштебесе

Вирустарды жок кыла албай койсоңуз же операциялык тутумуңуз оңдолбос болуп бузулса, сиз катуу дискти тазалап, операциялык тутумуңузду жана программаларды кайра орнотууңуз керек болот. Бул учурда техникалык колдоо боюнча адисти жалдооңуз керек болот. Бирок, өз алдынча деле муну жасоого мүмкүн. Бул учурунда катуу дисктерди толугу менен форматтасаңыз, анда абдан зыяндуу вирустарды да жок кыла аласыз. Бирок, дисктердеги бардык дайындар жоголот. Бул үчүн өтө маанилүү болуп, сиздин компьютер олуттуу көйгөйлөргө кабылганга чейин маалыматтардын камдык сактоосун үзгүлтүксүз аткарыңыз Формат кылган соң камдык сактоодон дайындарды калыбына келтирсеңиз, бир жолу вирустарга каршы скандоодон ал дайындарды өткөрүп коюңуз.

Форматтоого даяр же кесипкөй адисти күтүп жаткан оорулуу компьютер

/en/tr_ky-internet-safety/-plugins/content/