PowerPoint 2016 Негиздери: Слайд-Шоу көргөзүү (Presenting)

Lesson 11: Слайд-Шоу көргөзүү (Presenting)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-printing/content/

Слайд-Шоу көргөзүү

Слайд шоу толук бүткөндөн кийин, элге кантип көргөзө ала турганыңыз жөнүндө үйрөнүшүңүз керек. PowerPoint сиздин презентацияны тегиз, жагымдуу жана прфессионалдуу даярдоого жардам берүү үчүн бир нече куралдарды жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз.

Слайд-шоуну көрсөтүү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Слайд шоуну көрсөтүү

Слайд-шоуну көрсөтүүдөн мурун, презентацияңызда мүмкүн боло турган жабдуулардын түрү жөнүндө ойлонууга туура келет. Көптөгөн презентация кылуучулар презентация учурунда проекторлорду колдонушат, ошондуктан, сиз дагы колдонууну каалайт болушуңуз керек.. Бул башка экран аркылуу көрүүчүлөргө айтып жатканда слайддарды монитордон алдын ала көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Слайд шоу баштоо үчүн:

Презентацияны баштоонун бир нече жолдору бар:

  • Тез табуу мүмкүнчүлүк куралдар панелинен Башынан Баштоо буйругун чыкылдатыңыз, же баскычтоптун жогору жагындагы F5 баскычын басыңыз. Презентация толук экран режиминде көрүнөт.
    Тез Табуу Мүмкүнчүлүк Куралдар панелиндеги Башынан Башта буйругун чыкылдатуу.
  • Учурдагы слайддан презентацияны баштоо үчүн PowerPoint Терезенин ылдый жагындагы Слайд Көрсөтүүсү көрүнүшү буйругун тандаңыз.
    Төмөнкү-оң бурчундагы Статус тилкесинен Слайд Көрсөтүүсү көрүнүшүнө которуү.
  • Андан да көп мүмкүнчүлүктөрдү алуу үчүн, Тасмадагы Слайд Көрсөтүүсү өтмөгүнө барыңыз. Бул жерден, сиз учурдагы слайддан презентацияны баштайсыз жана өнүккөн презентация параметрлерине мүмкүнчүлүк аласыз.
    Слайд Көрсөтүүсү тилкесинен презентацияны баштоо

Слайддарды илгерилетүү жана алмаштыруу:

Сиз чычканды чыкылдатуу аркылуу же баскычтоптон аралык баскычты баскылоо менен кийинки слайдка илгерилей аласыз Сиз презентацияны алдыга же артка карай жылдыруу үчүн баскычтоптогу жебе ачкычтарын колдоно аласыз.

Ошондой эле сол-төмөнкү жагынан чычканды үстүнөн кармап жана алдыга же артка жылдыруу үчүн жебелерди чыкылдата аласыз.

Слайд Көрсөтүүсү көрүнүшү аркылуу багыттоо баскычтарына кирүү үчүн чычканды үстүнөн алып өтүү.

Слайд көрсөтүүсүн токтотуу:

Сиз тергичтен Esc баскычын басуу менен презентация режиминен чыга аласыз. Ошондой эле төмөнкү-сол жактагы Слайд Көрсөтүү Параметрлер баскычын чыкылдатып анан Бүткөн Шоуну тандай аласыз.

Слайд шоу аякташы

Презентация акыркы слайддан кийин аяктайт. Сиз чычканды чыкылдатуу менен же аралык баскычты басуу аркылуу Кадимки көрүнүшкө кайтып келесиз.

акыркы слайддан кийин PowerPoint кайтып келүү

Презентация куралдары жана өзгөчөлүктөрү

PowerPoint слайд-шоу көрсөтүүсүндө ыңгайлуу куралдар менен камсыз кылууда. Мисалы, сиз, слайддардагы элементтерге көңүл буруу үчүн Чычкан көрсөткүчүн калем же маркер менен өзгөртө аласыз. Мындан тышкары, Сиз презентация учурунда башка слайддарга секирик жасай аласыз же зарыл болсо тапшырмалар панелинен башка программаларга мүмкүнчүлүк аласыз.

Тапшырмалар тактасын көрсөтүү үчүн:

Кээде презентация учурунда Интернетти же башка файлдарды жана программаларды алуу үчүн мүмкүнчүлүк керек болушу мүмкүн. PowerPoint презентация бүткөнгө чейин сизге тапшырмалар тактасына кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

  1. Жайгаштыруу жана төмөнкү-сол бурчунда Слайд Параметрлер баскычын тандоо.
  2. Экранды тандап, андан кийин Тапшырма тактасын Көрсөтүүнү басыңыз.
    тапшырма тактасын көрсөтүү
  3. Сиздин Тапшырма панелиңиз пайда болот. Интернет веббраузери сыяктуу ачууну каалаган программаны тандаңыз. Бүтүргөндөн кийин, терезени жабыңыз же Тапшырма тилкесинен презентацияга кайтып келиш үчүн PowerPoint сүрөтчөнү чыкылдатыңыз.
    тапшырма тилкесинен башка программасын тандоо

Слайд параметрлери

Ошондой эле слайд шоу учурунда экрандын каалаган жерине чыкылдатуу менен жогорудагы меню элементтерине мүмкүнчүлүк ала аласыз.

Слайд параметрлери менюсун ачуу

Ыктоосу жок слайдка аттап кетүү:

Зарыл болсо, кереги жок слайддардан секире аласыз.

  1. Жайгаштыруу жана төмөнкү-сол бурчундагы Баардык Слайддар Көрүү баскычын тандоо.
    Бардык Слайддарды Көрүү баскычын басуу
  2. Ар бир слайддын эскиз версиялары пайда болот. Сиз секирип кетүүнү каалаган слайдды тандаңыз.
    башка слайдга өтүү
  3. Тандалган слайд пайда болот.

Чийме шаймандарын пайдалануу үчүн:

Чычкан көрсөткүчү слайддардагы элементтерге көңүл буруу үчүн калем же маркер ордуна иштей алат.

  1. Жайгаштыруу жана төмөнкү-сол бурчунда Калем Куралдар баскычын тандоо.
  2. Калемди же Маркерди артыкчылык негизинде тандаңыз. Ошондой эле менюдан башка түстү тандай аласыз.


    Калем куралын тандоо
  3. Слайддарды белгилөө үчүн чычканды сүйрөп жана чыкылдатыңыз. Слайд-шоу көрсөтүлүп жатканда баскычтоптон калем куралын алуу үчүн Ctrl + P басыңыз
    калем куралын колдонуу

Ошондой эле, слайддагы айрым бөлүктөргө көңүл буруу үчүн лазер көрсөткүчүн колдоно аласыз. Калем менен Маркерден айырмаланып, лазер көрсөткүчү Слайддарга белгилөө таштабайт. Лазердик көрсөткүчтү колдонуу үчүн, Калем куралдарынан аны тандап, же Ctrl ачкычтын баскычын басып жана чычкандын сол баскычынан өткөрүңүз.

Лазердик көрсөткүчүн тандоо

Сыя белгилөөлөрдү өчүрүү үчүн:

  1. Жайгаштыруу жана төмөнкү-сол бурчунда Калем куралдар баскычын тандоо.
  2. Жеке сыя белгилөөнү тазалоо үчүн өчүргүчтү тандаңыз, же Бардык Сыя Өчүргүчүн бардык белгилөөлөрдү өчүрүү үчүн тандаңыз.
    слайддарда сыяны өчүрүү

Слайд-шоуну бүткөндөн кийин, сизде презентация учурунда сыя аннотацияларын Сактоо же Алып салуу тандоолору болот. Эгер сыя белгилөөлөрдү сактап калган болсоңуз, алар Кадимки көрүнүштө Слайддардын катарында пайда болуп турат.

анатацияларды сактоо же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу

Бет ачар режими

Эгер сиз слайд-шоуну проектор менен көрсөтүп жаткан болсоңуз, анда бет ачар режимин колдоно аласыз. Бет Ачар режим көрүнүшү, экрандан көрүүчүлөр көрө албай турган өзгөчө орнотууну көзөмөлдөөгө жана жеңил слайд эскертмелердин шилтемелерин алуу менен келе жаткан слайдка жана дагы көп нерселерге мүмкүндүк берет.

Бет ачар режимге мүмкүнчүлүк алуу үчүн:

Адатта, Слайд Шоуңузду кадимкидей эле баштаңыз, андан кийин Слайд-Шоу баскычын чыкылдатып анан Бет ачар режимин тандаңыз. Сиз ошондой эле Бет ачар режими боюнча слайд-шоу баштоо үчүн баскычтопту Alt + F5 баса аласыз.

бет ачар режимин ачуу

Булар Бет ачар режимдин негизги элементтери болуп эсептелет.

  • Таймер: Бул жерден сиз презентацияны канча убакыт берип жатканыңыз тууралуу көрө аласыз. Эгер керек болсо, таймерге тыныгуу берип жана кайра баштай аласыз.
  • Тапшырмалар панелиндеги шоу: Тапшырмалар тактасын көрсөтүү үчүн бул жерди чыкылдатып жана презентацияны жаппастан башка программаларын алууга мүмкүнчүлүк аласыз.
  • Экран жөндөөлөрү: бул жерден, сиз экран жөндөөлөрдү ылайыкташтыра аласыз, параметр көчүрмөсүн кайталоону - же күзгү- эки экрандагы слайд шоуну камтыган жана Бет ачар режими туура эмес экранда пайда болсо мониторду алмаштыра аласыз.
  • Слайд көрсөтүүсүн бүтүрүү: Презентацияны бүтүрүү үчүн бул жерди басыңыз.
  • Учурдагы слайд: Бул аудиторияга учурдагы көрсөтүлүп жаткан слайд.
  • Слайд тандоолору: Мына, Калем куралдары жана Бардык Слайддар баскычтарын көрүүнү камтыган, кадимки презентация режиминде табыла турган ошол эле слайд ыкмаларына мүмкүнчүлүк ала аласыз.
  • Алдыңкы жана Кайтарым Слайддар: Презентация аркылуу алдыга жана артка жылдыруу үчүн жебелерди колдонуу.
  • Эскертүүлөр панели: Мына, учурдагы слайддан түрлүү Докладчынын эскертүүлөрүн көрө аласыз. Эскертүүлөрдү чоңураак же кичирээк жасаш үчүн төмөнкү Көбөйтүү жана Азайтуу баскычтарын колдонуу керек.
  • Кийинки слайд: Бул жерден кийинки чыга турган слайды алдын ала көрө аласыз.

Слайд шоу орнотуу параметрлери

PowerPoint тун орнотуу жана слайд-шоу ойноо үчүн ар кандай параметрлери бар. Мисалы, Киоскто ойното албай койгон, урунула элек презентацияны орнотсоңуз слайд шоуну үзгүлтүксүз кайталанышын жасай аласыз.

Слайд шоу орнотуу параметрлерине мүмкүндүк алуу үчүн:

  1. Слайд Көрсөтүү өтмөгүн тандап, андан кийин Слайд Көрсөтүүсүн Орнотуу буйругун чыкылдатуу.
     орнотуу слайд көрсөтүүсүн чыкылдатуу
  2. Орнотуу Шоу диалог кутучасы пайда болот. Бул жерден, презентацияңыз үчүн керектүү ыкмаларды тандап ала аласыз.

Бул жерде түзүү жана слайд-шоу ойноо үчүн ар кандай тандоолор бар.

  • Көрсөтүү Түрү : Бул жерден Көрсөтүү түрүн тандай аласыз.
  • Көрсөтүү Тандоолору: Бул жерден сиз ойнотуу жөндөөлөрүн тандап, жана айрым функцияларды кааласаңыз өчүрө аласыз.
  • Слайддарды көрсөтүү: Бул жерде, презентация учурунда көрсөтүүнү каалаган слайддарды тандай аласыз. Демейде баардыгы тандалат, бирок айрым гана слайддарды көрсөтүүгө тандай аласыз же сиздин баштапкы презентацияда жасалган көнүмүш көрсөтүүлөрдү колдоно аласыз.
  • Өркүндөтүлгөн Слайддар: Эгер слайттардын арасында убакыт чендерин койгон болсоңуз, алар дароо эле ойной баштайт. Бирок убакыт ченемин өчүрүүнү кааласаңыз, анда слайддарды өзүңүз көзөмөлдөө үчүн, Кол менен тандаңыз.
  • Бир нече Мониторлор: Эгер сизде бир нече монитор бар болсо, анда слайд-шоу жүрүп жатканда кайсынысын өчүрөрүңүздү тандай аласыз. Бул адатта, жөндөөнү автоматтык түрдө калтыргпн жакшы болот.

Слайддарды автоматтык түрдө илгерилетүү үчүн, Өтүүлөр өтмөгүндөгү слайд убактысын ылайыкташтырып алышыңыз керек. Биздин сабак карап чыгып Өтүүлөрдү колдонуу үйрөнүңүз.

автоматтык ийгилик  слайд орнотуу

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз.
  2. Орнотуу Слайд Көрсөтүүсү параметрлеринде калем түсүн күрөң кызылга өзгөртүңүз.
  3. Слайдшоуңузду баштаңыз, андан кийин Бет ачар режимге кириңиз.
  4. 8 -слайдка илгерилетиңиз.
  5. 2015-2016-окуу жылы үчүн каражат чогултуу көлөмүн, калем куралды колдонуу менен тегерек кылып сызыңыз. Бул жашыл тилкедегилер үстөк сумма болуп саналат.
  6. Бүткөндөн кийин, экран ушул сыяктуу болушу керек:
    Чакырыкты сунуштоо

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-lists/content/