Windows негиздери: Флеш диск деген эмне? (Flash Drives)

Lesson 11: Флеш диск деген эмне? (Flash Drives)

/en/tr_ky-windows-basics/-opening-files/content/

Флеш диск деген эмне?

Флеш дисктин сүрөтү

Флеш диск- сиздин USB портуңузга кошула турган чакан, тартма диск болуп саналат. Флеш диск аркылуу өз файлдарыңызды жаныңызда алып жүргөнгө жана аларды башка компьютерден ачуу үчүн ыңгайлуу. Ошондой эле, маанилүү жана башка документтердин камдык көчүрмөсүн сактоо үчүн флеш дискти колдонсоңуз болот. Бул сабакта, биз кантип компьютериңизде флеш дискти колдонуу жолдорун көрсөтөбүз.

Флеш дискти туташтыруу үчүн:

  1. Флеш дискти USB портуна кошуңуз. Компьютериңиздин астынан, капталынан же артынан USB портту табыңыз (Жайгашкан жер ноутбук же иш-такта компьютерине жараша өзгөрүшү мүмкүн).
  2. Сиздин компьютериңиздин жөндөөлөрүнө жараша, диалог кутучасы пайда болот. Эгер андай болсо, файлдарды көрүү үчүн "Папканы ачуу" тандаңыз.
    Windows 7 скриншоттору
  3. Диалог кутучасы пайда болбосо, Windows Explorer'ди ачыңыз, анын жайгашкан жерин аныктап, терезенин сол жагындагы Дискти тандаңыз. Флеш дисктин аты өзгөрүшү мүмкүн экенин унутпаңыз.


    Windows 8 скриншоттору

Флеш диск менен иштөө:

Флеш дискти кошкондон кийин, анын ичиндеги файл жана папкалар менен кадимки компьютердеги башка папкалар менен иштегендей эле иштейсиз, мисалы файлдарды жылдырып, жок кылсаңыз болот.

  1. Эгер компьютериңизден флеш дискке файлды көчүрөйүн десеңиз, аны чыкылдатып, бул терезеге сүйрөп келсеңиз болот.
    Windows 8 скриншоттору
  2. Файл көчүрүлөт, жана бул жаңы версиясы флеш дискке сакталат. Файлдын түпнускасы компьютериңизде сакталат.
    Windows 8 скриншоттору
  3. Эгер флеш дисктен компьютериңизге файлды көчүргүңүз келсе, аны чыкылдатып, бул компьютериңиздеги терезеге көчүрүңүз.


    Windows 8 скриншоттору
  4. Эгер флеш дисктеги файлды жок кылам десеңиз, аны чыкылдатып, сүйрөп барып таштанды кутусуна таштап салыңыз. Диалог кутучасы пайда болот. Биротоло файлды жок кылуу үчүн Ооба деп тастыктаңыз.
    Windows 8 скриншоттору

Дискти коопсуз алып салуу үчүн:

Дискти колдонуп бүткөн соң, USB портунан дароо сууруп албаңыз! Дисктеги файлдарыңызга зыян келтирип албоо үчүн туура ажыратыңыз.

  1. Флеш дисктин оң-баскычын басыңыз, жана ажыратууну тандаңыз (же чыгаруу).
    Windows 8 скриншоттору
  2. Сиз азыр коопсуз USB портунан флеш дискти алып сала аласыз.

/en/tr_ky-windows-basics/-troubleshooting/content/