Windows негиздери: Windows деген эмне? (About)

Lesson 1: Windows деген эмне? (About)

Windows деген эмне?

Windows Microsoft тарабынан иштелип чыккан операциялык тутуму. Ал тутум компьютерди иштетет, сиз аны колдонгонго мүмкүнчүлүк аласыз. Көпчүлүк жеке компьютерлерде (ЖК) бул операциялык тутум алдын ала жүктөлүп келет, бул Windows'тун дүйнөдөгү абдан популярдуу операциялык тутуму болушуна жардамын берет.

Windows сиздин ар кандай күнүмдүк маселелериңизди, тапшырмалаларыңызды аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, Windows аркылуу сиз интернетке кире аласыз, электрондук почтаңызды текшерип, санарип сүрөттөргө түзөтүү киргизип, музыка угуп, оюн ойноп, дагы көп нерселерди аткара аласыз.

Windows 8 скриншоту

Windows көптөгөн кеңселерде да колдонулат, себеби анын жардамы менен натыйжалуулук куралдар жеткиликтүү болот, мисалы: календарлар, Word процессору жана жадыбалдар.

Microsoft Word скриншоту

Microsoft, 1980-жылдардын ортосунда Windows'тун биринчи версиясын чыгарган. Ошондон бери Windows көптөгөн версияларын чыгарды, алардын эң жаңысы: Windows 10 (2015-жылы чыккан), Windows 8 (2012), Windows 7 (2009), Windows Vista (2007), жана Windows XP (2001-жыл).

Бул үйрөткүч жөнүндө

Бул үйрөткүч сизге Windows компьютерди колдонуунун негиздерин үйрөтөт, анын ичинде кантип иш-такта менен колдонот, ар кандай файлдарды кантип ачат, кантип терезелерди жылдырып, аларды кичирейтсе болот деген темалар камтылат. Бул үйрөткүчтө Windows тутумунун акыркы версиялары көбүнчө, ал эми эскирээктери бир аз камтылат. Бирок, сиз негиздерин үйрөнгөн соң, Windows'тун бул версияларынын бирин карап көрсөңүз болот. Эөн гана сиздин ЖК орнотулган Windows'ту тандасаңыз болот:

Windows 8 жана башка версиялар

Windows версиялары бири-бирине салыштырмалуу окшош болгону менен, Windows 8 такыр башкача иштейт. Эгер сиз Windows 8 азыр колдонуп жатсаңыз, анда Windows 10 тутумуна өтүп кетсеңиз болот, анткени Windows 10 мурунку версияларга, мисалы Windows 7 көбүрөөк окшош. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, Windows 10 өтүп кетүүңүздү сунуштайбыз. Биздин Windows 10 боюнча үйрөткүчүбүздү карап көрүңүз.

Ошентсе да, биз дагы деле сизге мезгил-мезгили менен, кээ бир Windows 8-боюнча атайын маалыматын көрсөтөбүз, анткени Windows 8 менен башка версиялардын айырмачылыктарын айтып турабыз. Сиз Windows 8 колдонуп жатсаңыз жана айырмачылыктар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, бул үйрөткөчтү жана Windows 8 үйрөткүчүн карап көрүңүз.

/en/tr_ky-windows-basics/windows-navigating/content/