Windows негиздери: Windows негизги программалары (Applications)

Lesson 9: Windows негизги программалары (Applications)

/en/tr_ky-windows-basics/-shortcuts/content/

Windows негизги программалары

Windows бир нече пайдалуу мурунтан эле орнотулган программа менен келет. Бул колдонмолор сизге көп тапшырмаларды аткарганга шарт түзөт, мисалы, Интернетти серептөө, календарды башкаруу жана ырларды сатып алуу.

Бул колдонмолордун көпчүлүгүн ачуу үчүн Start кнопкасын басып, каалаган программанын сүрөтчөсүн басып, ачса болот. Сиз издеп жаткан колдонмону табуу үчүн Start менюсун чабыттооңуз керек. Көбүрөөк билүү үчүн биздин Windows'ту чабыттоо сабагыбызды караңыз.

Windows 10 баштоо менюсу

Интернет браузерлер

Internet Explorer негизинен интернеттеги эң таанымал программанын бири, анткени ал Windows менен бирге акыркы 20 жылда чыгып келди. Анын жөнөкөй интерфейси бар жана стандарттык интернет браузердин өзгөчөлүктөрүнө ээ, мисалы сүйүктүү сайттарды кыстармаларга кошкону.

Microsoft Edge логотиби

Microsoft Edge Windows 10- версияда Internet Explorer ордуна иштейт, бирок ошол эле милдетти аткарат. Анын Internet Explorer'ге караганда бир нече жаңы функциясы бар, мисалы сайттарды жеңил окуу функциясы жана Windows 10 операциялык тутумунун башка бөлүктөрү менен тыгыз интеграциясы.

Өнүмдүүлүк

Windows 8 жана Windows 10 бир нече өнүмдүүлүктү жогорулатуу колдонмолору бар, алар сиздин электрондук почта жана жылнаамаларыңызды башкаруу багыттарды табуу, жана жазууларды уюштуруу сыяктуу, күнүмдүк иштерде жардам бере алат.

Почта жана Календар программалары сиздин аккаунттарды башка кызматтар менен байланыштырат, мисалы, Microsoft, Google, жана Apple. Алар бул кызматтардын ичинде почтаңызды жана жылнаамаларыңызды шайкештирет жана сиздин компьютериңизде бирдиктүү терезе менен аларды көрсөтөт.

Bing карталары тарабынан кубатталган карталар колдонмосу, ошол эле багыттоо жана издөө функцияларына мүмкүнчүлүк берет. Бул бир аз башка функцияларды кошот, мисалы, жерлерди төөнөгүч жана Windows түзмөктөрдүн барында багыттарды сактоо.

Windows 10 Карталары

OneNote башында Microsoft Office'ке тиркелген жазууларды уюштурган прорамма болуп саналат, ал эми азыр бул Windows 10 демейки колдонмо. OneNote аркылуу сиз жазуулардын топтомун түзө жана бөлүшө аласыз.

Медиа-маалыматтар

Windows 8 киргизилген Сүрөттөр колдонмосу сиздин сүрөттөрдү сактап, ылгап жана компьютериңизде көрсөтүп берет. Ошондой эле, ал онлайн сактоо, коом менен социалдык тармактар аркылуу бөлүшүү жана түзөтүү функцияларын камтыйт.

Windows 10 Сүрөттөр колдонмосу

Groove Музыка, Кино жана TВ Microsoft-тун онлайн медиа кызматтарына мүмкүнчүлүгү бар Windows 10 тутумуна тиркелген. Groove Music сиздин компьютерде жана OneDrive'да сакталган музыканы көрүп жана ойното алат. Ага бир айлык жазылуу сатып алуу менен онлайн ырларды агым катарында ойното аласыз. Сиз Кино жана телекөрсөтүү менен сиздин компьютерде сакталган видео файлдарды ойной аласыз, жана тасмалар, сериалдарды сатып алуу үчүн колдоно аласыз.

Windows Media Player Windows көпчүлүк түрү менен кошо келген Microsoft демейки негизги медиа оюнчусу болуп саналат. Бул сиздин компьютерде сакталган үн жана видео файлдардын көпчүлүк түрлөрүн ойной алат.

Жөндөөлөр

Башкаруу панели аркылуу сиздин компьютердин жөндөөлөрүн жана конфигурацияларын өзгөртө аласыз. Windows 8 киргизилген Жөндөөлөр колдонмосу компьютерди жөндөөгө көп мүмкүнчүлүк берет, бирок ал классикалык Windows стилине окшобой, планшет аркылуу жөндөө үчүн иштелип чыккан.

Windows Башкаруу Панели

/en/tr_ky-windows-basics/-opening-files/content/