Word 2016 Негиздери: Жазуу эрежелерин текшерүү жана грамматика (Checking Spelling)

Lesson 24: Жазуу эрежелерин текшерүү жана грамматика (Checking Spelling)

/en/tr_ky-word-2016/-charts/content/

Жазуу эрежелерин текшерүү жана грамматика

Терип жазып жатканда ката кетирүү жөнүндө тынчсызданасызбы? Кабатыр болбоңуз. Word сизге профессионалдуу, катасыз презентацияларды чыгарууга жардам берет, анын ичинде бир нече далилденген өзгөчөлүктөрү менен жазуу эрежелери жана грамматикалык куралдар менен камсыз кылат.

Кошумча: Биздин практикалык документти жүктөп алыңыз .

Жазуу эрежелери жана Грамматикалык куралды кантип колдонуу керектигин билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Жазуу эрежелерин жана грамматиканы текшерүүнү жүргүзүү үчүн:

  1. Карап чыгуу өтмөгүнөн, Жазуу эрежелерин жана грамматика текшерүү буйругун чыкылдатуу.
    Жазуу жана Грамматика буйрукка чыкылдатуу
  2. Жазуу эрежелер панели оң жакта пайда болот. Презентациядагы ар бир ката үчүн, Word бир же бир нече сунуштарды берүүгө аракет кылат. Сунуштоону тандап жана катаны оңдош үчүн Өзгөртүүнү чыкылдатасыз.
    жазуу катасын тууралоо
  3. Каталардын баарын карап чыкмайын Word ар бир ката аркылуу жыла берет. Акыркы ката каралып чыккандан кийин, жазуу эрежелери текшерилип бүткөнүн тастыктаган диалог кутучасы пайда болот. ОК чыкылдатыңыз.
    Жазуу жана Грамматика текшерүүнү толтуруу

Эгер эч кандай сунуштар берилбесе, анда кол менен слайддга туура жазылышын тере аласыз.

Жазуу эрежесинде "каталарды" этибарга албоо

Жазуу жана Грамматиканы текшерүү ар дайым туура эмес болуп саналат. Тактап айтканда,грамматикада Word көптөгөн каталар бар экенин байкабай калат . Кээ бир учурларда жазууну жана грамматиканы текшерүүдө бир нерсе ката деп тапса, ал иш жүзүндө ката эмес болот. Бул көп учурда сөздүктө болушу мүмкүн эмес болгон сөздөр мисалы адамдардын аттары жана таандык зат атоочтор менен кездешет.

Word бир нерсени ката десе, анда үч варианттын бирөөнү колдонуу менен өзгөртүлбөйттү тандап алыңыз: бул жазуу же грамматикалык ката болобу жараша, бир нече тандоолордун ичинен тандап алышат.

Жазуу эрежелериндеги "каталар" үчүн:

  • Этибарга албаңыз: Бул сөздү өзгөртпөстөн өткөрүп жиберет.
  • Бардыгын этибарга албоо: Бул сөздү өзгөртпөстөн өткөрүп жиберет жана презентацияңыздагы сөз бардык башка учурларын өткөрүп жиберет.
  • Кошуу: Бул ката катары кайра келбеш үчүн сөздүккө сөздү кошумчалайт. Бул параметрди тандоо алдында сөз туура жазылганы анык болсун.
жазуу каталарын эске албоо

Грамматика "каталары"үчүн:

  • Этибарга албоо: Сөздү же сөз айкашын өзгөртпөстөн өткөрүп берет.
грамматикалык каталарга көңүл бурбоо

Кээ бир грамматикалык каталар үчүн, Word, эмне үчүн бир нерсе туура эмес болуп калганы жөнүндө түшүндүрмө берет. Бул сизге аны өзгөртүүгө же этибарга албай коюуну аныктоого жардам бере алат.

грамматикалык ката түшүндүрмөсү

Автоматтык түрдө жазуу эрежесин жана грамматиканы текшерүү

Демейде, Word документтеги жазуу жана грамматикалык каталарын автоматтык түрдө текшерет, андыктан сизге Жазуу эрежелер буйругун колдонуп өзүнчө текшерүү жүргүзүү зарылдыгы деле жок болушу мүмкүн. Бул каталар кызыл толкун сызык менен көрсөтүлгөн.

  • Кызыл сызык, ката жазылган сөздөрдү көрсөтүп турат.
  • Көк сызык грамматикалык каталарды жана туура эмес сөздөрдү көрсөтүп турат.
    автоматтык жазууну текшерүү жана грамматика текшерүү маркерлери

Туура эмес колдонулуп калган сөз контекстик жазуу ката болот, сөз туура жазылган, бирок туура эмес колдонулган учурда пайда болот. Мисалы, сиз жазган каттын башында сөз айкашы Дир мырза Теодор колдонулган болсо, бугу контексттик жазуу ката болмок. Дир туура жазылганы анык, бирок ал катта туура эмес колдонулат. Туура сөз Урматтуу болуп саналат.

Жазуу каталарды ондоо үчүн:

  1. Асты сызылган сөздүн оң жагын-чыкылдатып, анан сунуштар тизмесинен туура жазылышын тандаңыз.
    жазуу катасын тууралоо
  2. Документте оңдолгон сөз пайда болот.

Ошондой эле асты сызылган сөздөрдүн үлгүлөрүн же сөздүккө кошуу үчүн Бардыгын Этибарга албоо учурларын тандай аласыз.

Грамматикалык каталарды ондоо үчүн:

  1. Сөздү же сөз айкашын оң жагын-чыкылдатып, анан сунуштар тизмесинен туура жазылышын же сөз айкаштарын тандаңыз.
    грамматикалык катаны тууралоо
  2. Документте туураланган сөз пайда болот.

Автоматтык түрдө жазуу жана грамматика текшерүү орнотууларын өзгөртүү үчүн:

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнөн Файл өтмөктү чыкылдатып, анан параметрлерди чыкылдатыңыз.
    Экрандын арткы көрүнүшүнөн параметрлерди чыкылдатуу
  2. Диалог кутучасы пайда болот. Диалог кутусунун сол тарабынан, Текшерме куралдарын тандаңыз. Бул жерден, сиз тандап алууга бир нече параметрлер бар. Мисалы, Word жазуу каталарын, грамматикалык каталарын, же көп башаламан сөздөрдү белгилөөсүн каалабасаңыз, жөн гана каалаган параметрди белгилебеңиз.

    Жазууну текшерүү ыкмаларды ылайыкташтыруу

Сиз автоматтык жазылышыты / же грамматикалык текшерүүнү өчүргөн болсоңуз, Карап чыгуу өтмөккө барып, жаңы текшкерүүнү жүргүзүш үчүн Жазуу жана Грамматика буйрукту чыкылдата аласыз.

Документте жазылышы жана грамматикалык каталарын жашыруу үчүн:

Эгер кимдир бирөө менен резюме сыяктуу документти бөлүшүп жаткан болсоңуз, ал адам кызыл жана көк саптарды көргүүсүн каалабайт болушуңуз мүмкүн. Сиздин гана компьютерде колдонулган автоматтык Жазуу жана Грамматика текшерүү өчүрүлгөн болсо да, башка бирөө документти карап жатканда сызыктар көрүнүшү мүмкүн. Бактыга жараша, Word сызыктар башка компьютерден көрүнүп калбаш үчүн, жазуу жана грамматикалык каталарын жаап жашырууга мүмкүнчүлүк берет.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө барып Файл өтмөктү чыкылдатып, анан Параметрлерди чыкылдатыңыз.
  2. Диалог кутучасы пайда болот. Бул документте гана жазуу каталарын жашыруу үчүн Текшермени тандап, андан кийин кутучаны текшерип жана бул документте чагылдырылган грамматикалык каталарын жашыруу үчүн гана, андан кийин OK чыкылдатыңыз.
    белгилүү бир документ үчүн жазууну текшерүүнү жашыруу
  3. Документте сызыктар жашырылат.

Чакырык!

  1. Биздин практикалык документтиачыңыз . Сиз буга чейин сабактар менен бирге биздин тажрыйба документти жүктөп алган болсоңуз, анда бул шилтемени басуу менен бул жаңы көчүрмөсүн жүктөп алуу үчүн шектенбесеңиз болот.
  2. Жазуу жана Грамматика текшерүүнү иштетүү.
  3. Marcom сыяктуу аталыштар жазылышына көңүл бурбоо.
  4. Бардык башка жазуу жана грамматикалык каталарды тууралаңыз.
  5. Бүткөндөн кийин, сиздин документ ушул сыяктуу болушу керек:
    Жазуу жана Грамматика Чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-track-changes/content/