Word 2016 Негиздери: Текстти форматтоо (Formatting Text)

Lesson 5: Текстти форматтоо (Formatting Text)

/en/tr_ky-word-2016/-text-basics/content/

Текстти форматтоо

Форматталган текст окурмандын көңүлүн документтин кээ бир жерлерине бөлөт жана маанилүү маалыматты басып көрсөтөт. Word'до сизде текстти түзөтүү үчүн бир нече параметрлер бар, мисалы ариптер, көлөм жана түс. Ошондой эле, сиз текстти тегиздеп аны өзгөртө аласыз.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Word текстин форматтоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Арип көлөмүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз каалаган текстти тандаңыз.
    Текстти өзгөртүү үчүн тандоо
  2. Башкы өтмөктөн, жайылма жебени чыкылдатып, анан каалаган ариптин көлөмүн тандаңыз. Менюдан ариптин көлөмүн тандаңыз. Эгер керектүү текст өлчөмү менюда жок болсо, Ариптер көлөмү кутучаны чыкылдатып каалаган арип көлөмүн терип, Enter чыкылдатыңыз.
    Ариптин көлөмүн тандоо
  3. Документте тексттин өлчөмү өзгөрөт.
    жаңы тексттин өлчөмү

Ошондой эле сиз арипти чоңойтуу же кичирейтүү буйруктарын тандасаңыз болот.

Ариптерди чоңойтуу жана кичирейтүү буйруктары

Арипти өзгөртүү үчүн:

Алдын ала, ар бир жаңы документке Calibri ариби орнотулат. Бирок, Word башка көптгөн ариптерди колдонууга шарт түзөт.

  1. Сиз каалаган текстти тандаңыз.
    Текстти өзгөртүү үчүн тандоо
  2. Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени чыкылдатыңыз Ариптердин менюсу пайда болот.
  3. Сиз каалаган арипти тандаңыз.
    Арип стилин өзгөртүү
  4. Документте арип өзгөрөт.
    жаңы арип стили

Документти түзүүдө, аны жеңил окугандай арип тандашыңыз керек. Calibri менен бирге, стандарттуу ариптер: Cambria, Times New Roman, жана Arial

Арип түсүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз каалаган текстти тандаңыз.
    Текстти өзгөртүү үчүн тандоо
  2. Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени басыңыз. Арип түсү менюсу пайда болот.
    арип түсүн өзгөртүү
  3. Сиз каалаган түстү тандаңыз. Документте арип түсү өзгөрөт.
    жаңы арип түсү

Менюдагы түстөр менен эле чектелбейт. Түстөр диалог кутучаныан Дагы Түстөрдү тандаңыз. Сиз каалаган түстү тандап, андан кийин OK чыкылдатыңыз.

Түстөр диалог кутусу

Кара, Курсив жана асты чийилген арипти колдонуу үчүн:

Кара, Курсив жана асты чийилген ариптер текстиңиздеги маанилүү сөздөр же фразаларга көңүл буруу үчүн колдонулат.

  1. Сиз каалаган текстти тандаңыз.
    Текстти өзгөртүү үчүн тандоо
  2. Караны (B), Курсивди (), же Асты чийилген(U арип буйруктарын Башкы өтмөктөн чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз кара арипти чыкылдатабыз
    текстти кара кылуу
  3. Тандалган текст документте өзгөрөт.
    Кара текст

Текст кабын өзгөртүү үчүн:

Эгер тез аранын ичинде текст кабын өзгөртүү керек болсо, сиз капты өзгөртүү буйругун колдонсоңуз блоот.

  1. Сиз каалаган текстти тандаңыз.
    Текстти өзгөртүү үчүн тандоо
  2. Башкы өтмөктө, ариптер тобунда Капты өзгөртүү буйругун чыкылдатыңыз.
  3. Жайылма менюсу пайда болот. Менюдан каалаган кап параметрин тандаңыз.
    текст кабын өзгөртүү
  4. Документте текст кабы өзгөрөт.
    жаңы текст кабы

Текстти баса белгилөө үчүн:

Баса белгилөө сиздин документтин маанилүү текстин белгилөө үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

  1. Сиз баса белгилөөнү каалаган текстти тандаңыз.
    Текстти белгилөө үчүн тандоо
  2. Башкы өтмөктөн жебени чыкылдатыңыз. Баса белгилөө түстөр менюсу пайда болот.
    Белгилөө түсүн тандоо
  3. Керектүүбаса белгилөө түсүн тандаңыз. Тандалган текст андан кийин документте баса белгиленет.
    Баса белгиленген текст

Баса белгиленген текстти алып салуу үчүн, белгиленген текстти тандап, анан жайылма жебеден Текстти белгилөө түсүн чыкылдатыңыз. Ачылуучу менюдан "Жок Түстү" тандаңыз.

Баса белгилөөнү алып салуу

Эгер тексттин бир нече сабын белгилейин десеңиз, чычканды баса белгилегич кылып өзгөрткөнүңүз пайдалуу болот. Текстти белгилөө буйругун чыкылдатып, курсорду белгилегич кылып өзгөртүп алыңыз. Сиз андан кийин чыкылдатып, кармап, белгилегичти сиз каалаган саптардын үстүнө сүйрөй аласыз.

текст трассаны өзгөртүү үчүн:

Алдын ала, Word текстти барактын сол жагына түзөйт. Бирок, сиз текстти борборго тегиздегиңиз келген учурлар болот.

  1. Сиз каалаган текстти тандаңыз
    Баса белгилөө үчүн текстти тандоо
  2. Башкы өтмөктөн төрт тегиздөө параметрлеринин бирин тандаңыз. Биздин мисалда, биз борборго тегиздөөнү тандап алдык.
    Тегиздөө буйруктары
  3. Текст документте тегизделет.
    тегизделген текст

Төмөнкү слайддагы жебелерди чыкылдатып төрт текст тегиздөө параметрлери тууралуу көбүрөөк билиңиз.

  • солго түздөлгөн

    Текстти сол жакка тегиздеңиз: Бул бардык тандалып алынган текстти сол жакка тегиздейт. Текстти сол жаака тегиздөө буйругу эң көп колдонулган болуп саналат жана жаңы документ түзүлгөн учурда демейки боюнча тандалат.

  • борборго түздөлгөн

    Борбор: Бул текстти сол жана оң жагынан бирдей аралыкта тегиздейт.

  • оңго түздөлгөн

    Текстти оң жакка тегиздеңиз: Бул текстти оң жакка тегиздейт.

  • кененинен тегизделген

    Кеңинен түздөө: Бул текстти эки тараптан бирдей кылып теңинен түздөйт. Бул оң жана сол жагынан бирдей тегиздейт. Көп гезиттер жана журналдар толук теңинен түздөөнү колдонушат.

Сиз Word'дун ыңгайлуу демейки боюнча орнотуу функциясын колдонуп, бул форматтоолорду башка документке автоматтык түрдө колдонсоңуз болот. Муну кантип жасоону билиш үчүн, биздин Word'догу демейки орнотууларыңызды өзгөртүү сабагын караңыздар.

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. 2-бетке жылдырыңыз
  3. For Rent сөздөрүн тандап, арипти 48 кылып көлөмүн өзгөртүңүз.
  4. Арипти Franklin Gothic Demi кылып өзгөртүңүз. Эскертүү: менюда бул арип жок болсо, сиз башкасын тандаңыз.
  5. Fhbgnb UPPERCASE кылып барын баштамга менен жазыңыз.
  6. Ариптин түсүн өзгөртүңүз.
  7. тел номурунан (919-555-7237) баса белгилөөнү алыңыз.
  8. Тексттин барын борборго тегиздеңиз.
  9. Villa Piña астындагы параграфты курсив кылыңыз.
  10. Бүткөндөн кийин, сиздин бет ушул сыяктуу болушу керек:
    Чакырык текстин форматтоо

/en/tr_ky-word-2016/-find-replace/content/