Word 2016 Негиздери: Барак жайгашуусу (Page Layout)

Lesson 11: Барак жайгашуусу (Page Layout)

/en/tr_ky-word-2016/-hyperlinks/content/

Барак жайгашуусу

Word барак жайгашуусунун жана форматтоо параметрлеринин түрлөрүн сунуштайт. Документтин көрүнүшүнө жараша сиз барактын багытын, көлөмүн, четтерин түзөтө аласыз.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Барак жайгашуусу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Баракча багыты

Word'до эки барак багыты бар: Китеп жана Альбом. Бул үлгүлөрдү салыштырыңыз, барак багыттарына, сап аралыктарына көңүл буруңуз.

  • Альбом барагы туурасынан багытталганын билдирет.
    Альбом багыты
  • Китеп барагы тигинен багытталганын билдирет.
    Китеп багыты

Барак багытын өзгөртүү үчүн:

  1. Барак жайгашуусу өтмөгүн тандаңыз
  2. Барак жөндөөлөрү өтмөгүнөн, Барак Багыты буйругун чыкылдатыңыз.
    Багыты буйругун чыкылдатуу
  3. Жайылма менюсу пайда болот. Барак багытын өзгөртүү үчүн Китеп же Альбомду чыкылдатыңыз.
    Барак багытын өзгөртүү
  4. Документтин барак багыты өзгөрөт.

Барактын көлөмү

Алдын ала, жаңы документтин барак өлчөмү 11 жана 8,5 дюйм. Сиздин долбоорго жараша, документиңиздин барак өлчөмүн өзгөртүү керек болушу мүмкүн. Демейки барак көлөмүн өзгөртүүдөн мурда, сиздин принтер ал көлөмдү басып чыгара алабы - ошону текшериңиз.

Барак өлчөмүн өзгөртүү үчүн:

Word'до ар кандай алдын ала жөндөлгөн барак өлчөмдөрү бар. Алардан ичинен тандаса болот.

  1. Барак Жайгашуусу өтмөгүн тандаңыз, анан Көлөм буйругун чыкылдатыңыз.
    Көлөм буйругун чыкылдатуу
  2. Жайылма менюсу пайда болот. Учурдагы барак өлчөмү баса белгиленет. Керектүү баракча өлчөмүн чыкылдатыңыз.
    Барак өлчөмүн өзгөртүү
  3. Документтин барак өлчөмү өзгөрөт.

Өзгөчө барак өлчөмүн колдонуу үчүн:

Word ошондой эле Барак Жөндөө диалог кутусу аркылуу да өлчөмүн өзгөчөлөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

  1. Барак Жайгашуусу өтмөгүнөн, Көлөмдү басыңыз. Чыккан менюдан Көбүрөөк Барак Өлчөмдөрүн тандаңыз.
    Дагы Кагаз өлчөмүн тандоо ...
  2. Барак Жөндөө диалог кутучасы пайда болот.
  3. Туурасы, Бийиктиги үчүн маанилерди тууралап, анан OK чыкылдатыңыз.
    Барак өлчөмүн жөнгө салуу
  4. Документтин барак өлчөмү өзгөрөт.

Барак четтери

Барактын чети бул барактын кырынан баштап мазмунга чейинки аралык. Алдын ала, жаңы документтин четтери Жөнөкөй (Normal) деп жөндөлгөн, анын арылыгы 1 дюйм. Сиздин муктаждыгыңызга жараша, Word документтин четинин көлөмүн өзгөрткөнгө мүмкүндүк берет.

Барак четтерин форматтоо үчүн:

Word'до алдын ала даяр ар кандай четтердин өлчөмү бар

  1. Барак Жайгашуусу өтмөктү тандаңыз, анан Барак Чети буйругун чыкылдатыңыз.
    Барак чети буйругун чыкылдатуу
  2. Жайылма меню пайда болот. Сиз каалаган алдын-ала орнотулган Барак Четин тандаңыз.
    Бет четтерин өзгөртүү
  3. Документтин чети өзгөрүлөт

Өзгөчө Барак Четин колдонуу үчүн:

Word ошондой эле Барак Жөндөөлөр диалог кутучасында барак четинин өлчөмүн өзгөчөлөштүрүү мүмкүндүк берет.

  1. Барак Жайгашуусу өтмөгүндө, Барак Четин чыкылдатыңыз. Ачылуучу менюдан Өзгөчө Барак Четтерин тандаңыз.
    Өзгөчө барак четтерин тандоо ...
  2. Барак Жөндөө диалог кутучасы пайда болот.
  3. Ар бир барак чети үчүн маанилерди тууралап, анан OK чыкылдатыңыз.
    Барак орнотуу диалог кутусу
  4. Документтин четтери өзгөрөт.

Ошондой эле сиз Барак Жөндөө Диалог кутусун ачып, ал жердеги кичине жебени чыкылдатсаңыз болот.

Барак орнотуу диалог кутучаны ачуу

Сиз жасаган өзгөрүүлөрдүн баарын сактоо үчүн Word'дун ыңгайлуу Демейки катары сактооо функциясын колдонуп, бул функцияны автоматтык түрдө жаңы документтерде колдонсоңуз болот. Муну кантип жасоону билиш үчүн, биздин Word'до демейки жөндөөлөрдү өзгөртүү макалабызды окуңуз.

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Барак багытын Китеп кылып өзгөртүңүз.
  3. Барак көлөмүн Legal кылып өзгөртүңүз. Эгер Legal көлөмү жеткиликтүү эмес болсо, анда, A5 сыяктуу башка көлөмүн тандаңыз.
  4. Барак четтерин тар кылып өзгөртүңүз.
  5. Барак даяр болгондо, документиңиз бир бет болуп, Legal өлчөмүн колдонушу керек. Ушул сыяктуу болушу керек:
    Барак жайгашуусу чакырыктары

/en/tr_ky-word-2016/-printing-documents/content/