Word 2016 Негиздери: Документтерди басып чыгаруу (Printing Documents)

Lesson 12: Документтерди басып чыгаруу (Printing Documents)

/en/tr_ky-word-2016/-page-layout/content/

Документтерди басып чыгаруу

Документти түзүп бүткөн соң, аны басып чыгарып көрүп, башкалар менен бөлүшкүңүз келет болсо керек. Документти алдын ала көрүп, басып чыгаруу оңой.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Word документтерди басып чыгаруу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Басып чыгаруу тактага мүмкүнчүлүк алуу үчүн:

  1. Файл өтмөктү тандаңыз. Экрандын арткы көрүнүшү пайда болот.
    File өтмөгүн тандоо
  2. Басып чыгарууну тандаңыз. Басып чыгаруу панели пайда болот.
    Басып чыгарууну чыкылдатуу

Бул жерде Басып чыгаруу панелинин негизги элементтери болуп эсептелет.

  • Басып чыгаруу: Документти басып чыгаруу үчүн, бул баскычты басыңыз
  • Көчүрмөлөр: Бул жерде, презентациянын канча көчүрмөсүн басып чыгарууну каалагандай кылып тандай аласыз.
  • Принтер: Эгер компьютер бир нече принтерге туташкан болсо анда сиз каалаган принтерди тандап алышыңыз керек.
  • Басып чыгаруу диапазону: Бул жерде сиз учурдагы бетти же документтин бардыгын басып чыгарасызбы, аны тандаңыз.
  • Бир жана эки тараптуу басып чыгаруу: Принтер бул жөндөөнү колдосо, кагаз бир же эки тараптуу кылып басуусун тандаңыз.
  • Салыштыруу: Эгер бир нече көчүрмөнү басып жатсаңыз аларды салыштырууну же салыштырбоону тандасаңыз болот. Аларды сорттойт, 1, 2, 3, 1, 2, 3. Салыштырлбаган аларды мындай сорттойт, 1, 1, 2, 2, 3, 3.
  • Барак Багыты: Бул жерден китеп же альбом түрүн тандап аласыз.
  • Барак көлөмү: Эгер принтериңиз колдосо каалган барак көлөмүн тандасаңыз болот.
  • Барак четтери: Барак четтеринин аралыктарын өзгөртүүгө болот.
  • Өлчөм: Бул жерде сиз барактын өлчөмүн тандай аласыз.
  • Барак тандоо:Сиз бул жерден жебени чыкылдатып, башка баракты көрсөңүз болот.
  • Масштабты көзөмөлдөө: Сиз масштабтын оң жагындагы баскыч беттеги масштабты чыкылдатыңыз жана Алдын ала көрүү панелинен тышкары. Сол жактагы Барактын четин көрсөтүү баскычы Алдын ала көрүү тилкесинде барак четтерин көрсөтөт. Масштаб көзөмөлүн пайдалануу үчүн тандап, сүйрөп жана чыкылдатыңыз.
  • Алдын ала көрүү тилкеси: Бул жерде сиздин барагыңыз басылып чыкканда кандай көрүнөөрүн алдын-ала көрө аласыз.

Сиз ошондой эле тергичтен Ctrl + P басуу менен Басуу тактасына кире аласыз.

Документти басып чыгаруу үчүн:

  1. Басып чыгаруу панелине өтүп, каалаган принтерди тандаңыз.
    Принтер тандоо
  2. Басылып чыга турган нускалардын санын киргизиңиз.
    нускалардын санын тандоо
  3. Зарыл болсо, кошумча орнотууларды тандаңыз.
    кошумча орнотууларды өзгөртүү
  4. Басып чыгарууну чыкылдатыңыз
    басып чыгарууну чыкылдатуу

Өзгөчө басып чыгаруу

Кээде сиз документтин барын басып чыгарууну негизсиз дешиңиз мүмкүн, ошондойдо өзгөчө басып чыгаруу жардам берет. Бир нече жеке беттердиби же беттердин диапазонун басып чыгарып жатсаңыз да Word каалаган бетти чыгарганга жардам берет.

Өзгөчө басып чыгаруу үчүн:

Эгер айрым беттерди, же беттердин диапазонун басып чыгарам десеңиз, ар бир баракты үтүр менен ажыратыңыз (Мисалы 1, 3, 5-7, же 10-14

  1. Басып чыгаруу панелинде өтүңүз
  2. Басып, чыгаргыңыз келген барактарды киргизиңиз.
    Барактарды басып чыгарууга жөндөө
  3. Басып чыгарууну чыкылдатыңыз
    Басып чыгарууну чыкылдатуу

Эгер документ каалагандай басылып чыккан эмес болсо, барак жайгашуусун оңдоп көрүңүз. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин Барак жайгашуусу сабагыбызды караңыз

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Басып чыгаруу панелинде 2 жана 5 гана барактарды басып чыгаруу кылып жөндөңүз.
  3. Нускалардын санын 2 кылып өзгөртүңүз
  4. Ар бир баракты көрүү үчүн түбүндөгү жебени колдонуңуз
  5. Бүткөндөн кийин, сиздин басуу панелиңер ушул сыяктуу болушу керек:
    хоспотторду түзөтүү Басып чыгаруу чакырыгы
  6. Кошумча: Эгер принтер бар болсо, Басып чыгаруу буйругун басыңыз. Ал 2 жана 5 беттрин 2 нускада басып чыгаруусу керек.

/en/tr_ky-word-2016/-breaks/content/