Word 2016 Негиздери: Формалар (Shapes)

Lesson 19: Формалар (Shapes)

/en/tr_ky-word-2016/-formatting-pictures/content/

Формалар

Сиз, жебелер, чыгаруулар, аянттар, жылдыздар жана блок-схема формалары камтылган, ар кандай формаларды документке кошо аласыз. Резюмеңиздин калган бөлүгүнө атыңызды жана дарегиңизди кошкуңуз келеби? Сап колдонуу. Убакыт бирдигин жана процесстин диаграммасын көрсөтүүнү түзүү керекпи? Блок-схема формаларын колдонуу. Сиз жасаган ар бир документте формалардын зарылдыгы деле жок болушу мүмкүн, алар визиуалдык кайрылууну жана тактыкты кошо алашат.

Кошумча: Биздин практикалык документти жүктөп алыңыз .

Word дөгү формалар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Форма кыстаруу үчүн:

  1. Кыстаруу өтмөгүн тандап, андан кийин Формалар буйрукка чыкылдатуу. Формалардын жайылма менюсу пайда болот.
  2. Керектүү форманы тандаңыз.
    Форманы тандоо
  3. Документке форма кошуу үчүн каалаган жерге сүйрөп жана чыкылдатыңыз.
    Жаңы форманы кыстаруу

Сиз кааласаңыз, формага текст киргизе аласыз. Форма документиңизде пайда болгондон кийин, сиз терип жаза баштайсыз. Башкы бет өтмөгүнөн форматтоо параметрлерин колдонуп текстеги тамганы, тамганын өлчөмүн же түсүн өзгөртүүнү колдоно аласыз.

Формага текст киргизүү

Формалардын буйрутмасын өзгөртүү үчүн:

Эгер бир форма башка формага кабатталып жаап калса, анда астынан туура форма пайда болуш үчүн, буйрутманы өзгөртүш керек болот. Сиз форманы алдыңкы же арткы бетине жөнөтө аласыз. Эгер сизде бир нече сүрөттөр бар болсо, алдыга алып келүүнү же артка жиберүүнү колдоносуз, буйрутмаларды так ыңгайлаштыруу үчүн. Ошондой эле форманы тексттин алдына же артында жылдыра аласыз.

  1. Сиз каалаган форманы жылдыруу үчүн оңго чыкылдатуу. Биздин мисалда, биз жүрөк лентанын артында пайда болушун каалайбыз, ошондуктан жүрөктүн оң жагына чыкылдатып алабыз.
    Форманын оң жагын чыкылдатуу
  2. Пайда болгон менюдан, курсорду Алдыга алып келүүгө же Артка жөнөтүүнүн үстүнө алып барабыз. Бир нече буйрутмалар параметрлери пайда болот. Керектүү буйрутма параметрин тандаңыз. Бул мисалда, биз артка жөнөтүүнү тандап алабыз.
    Буйрутма параметрлерин тандоо
  3. Формалардын буйрутмасы өзгөрөт.
    Кайра буйрутмаланган формалар

Кээ бир учурларда, сиз тандаган буйрутма форманын параметрлерине таасир этпейт. Эгер бул ишке ашса, анда кайра эле тандалган параметрге аракет жасаңыз же башка параметрге аракет жасай аласыз.

Эгер бири-биринин үстүнө жайгаштырылган бир нече формалар бар болсо, анда жеке форманы тандоо кыйыныраак болушу мүмкүн. Тандоо панели сизге форманы тандаганга жана жаңы жерге сүйрөгөнгө мүмкүндүк берет. Тандоо тактага кирүү үчүн, Формат өтмөгүндөгү Тандап тактасына чыкылдатуу.

Тандоо панелиндеги форма тартибин өзгөртүү

Форманын өлчөмүн өзгөртүү үчүн:

  1. Өлчөмүн өзгөрткүңүз келген форманы тандаңыз. Өлчөө туткалары форманын бурчтарында жана капталдарында пайда болот.
    Формага чыкылдатуу
  2. Форма керектүү өлчөмгө чейин келгиче өлчөө туткаларын сүйрөп жана чыкылдатыңыз. Сиз бир эле мезгилде форманын бийиктигин жана жазылыгын өзгөртүү үчүн бурч өлчөө туткаларын колдоно аласыз.
    Форманын өлчөмүн өзгөртүү
  3. Форманы айландыруу үчүн, айландыруу туткасын сүйрөп жана чыкылдатыңыз.
    Форманы айландыруу

Форманы өзгөртүү үчүн пайдаланууга мүмкүн болгудай кээ бир формалардын бир же бир нече сары туткалары бар. Мисалы, баннер формалары менен бүктөмдөр абалын өзгөртүүгө болот.

Форманы өзгөртүү

Формаларды өзгөртүү

Word менен долбоорлоруңузду ылайыкташтырсаңыз болот, ошондуктан, ар кандай жолдор менен форманы өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сиз, форманы ар кандай формага өзгөртө аласыз, форманын стилин форматтап жана түсүн, ошондой эле ар кандай эффектилерди кошууга болот.

Форма стилди өзгөртүү үчүн:

Форма стилин тандоо алдын ала коюлган түстөрдү жана кубулуштарды форманын көрүнүшүн тез өзгөртүүгө колдонууга мүмкүндүк берет.

  1. Алмаштыруу керек болгон форманы тандаңыз.
    Форманы тандоо
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма стилдер тобундагы Көбүрөөк жайылма жебеге чыкылдатуу.
    Форма стилин өзгөртүү
  3. Стилдердин жайылма менюсу пайда болот. Сиз пайдаланууну каалаган стилди тандаңыз.
    Форма стилин тандоо
  4. Тандалган стилде форма пайда болот.
    Жаңы стилде форматталган форма

Форма түсүн толтурууну өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган форманы тандаңыз.
    Форманы тандоо
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма толтур жайылма жебеге чыкылдатуу. Сиз пайдаланууну каалаган түстү тандаңыз. Көбүрөөк түс параметрлерин көрүү үчүн, көбүрөөк Түстөр толтурууну тандаңыз.
    Форма толтуруу түсүн өзгөртүү
  3. Форма тандалган толтуруу түсүндө пайда болот.
    Форма жаңы толтуруу түсү менен форматталат.

Эгер сиз толтуруунун ар түрүн колдонгуңуз келсе, жайылма менюден градиент же Текстура тандаңыз. Ошондой эле, тунук кылуу үчүн толтуруунун кереги жокту тандай аласыз.

Форманын түзүлүшүн өзгөртүү үчүн:

  1. Өзгөрткүңүз келген форманы тандаңыз.
    Форманы тандоо
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма схемасына ылдый түшүү жебеге чыкылдатыңыз. Форма Схема меню пайда болот.
  3. Сиз пайдаланууга каалаган түстү тандоо. Эгер схеманы тунук кылуу керек болсо, анда Схема кереги жокту тандаңыз.
    Форма схема түсүн өзгөртүү
  4. Форма тандалган схема түсү пайда болот.
    Форма жаңы схема менен форматталат

Ылдый түшмө менюсунан тартып, сиз схема түсүн, салмагы (калыңдыгын) өзгөртө аласыз, жана сап алынып салынат.

Жоон сызык

Форма эффектилерин кошуу үчүн:

  1. Алмаштыруу керек болгон форманы тандаңыз.
    Форманы тандоо
  2. Формат өтмөгүнөн, ылдый түшүү жебегедеги Форма Эффектилерин чыкылдатыңыз. Пайда болгон менюдан сиз кошкуңуз келген стили кубулушунун үстүнө курсорду алып келип, андан кийин каалаган алдын ала коюлган эффектини тандоо.
    Конус стилин тандоо
  3. Форма тандалган эффект менен пайда болот.
    Форма тандалган кубулуш менен.

Мындан ары форма эффектилерин тууралоо үчүн, ар бир менюнун аягындагы параметрлерди тандаңыз. Формат Форма панели пайда болот, эффектилерди ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берүү менен.

Формат Форма панели.

Башка формага өзгөртүү үчүн:

  1. Өзгөрткүңүз келген форманы тандаңыз. Формат өтмөгү пайда болот.
    Форма тандоо
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма кошуу буйругун чыкылдатуу. Пайда болгон менюдан, Форманы Өзгөртүү үстүнө курсорду алып келип, андан кийин каалаган форманы тандоо.
    Форманы өзгөртүү
  3. Жаңы форма пайда болот.
    Жаңы форма

Чакырык!

  1. Биздин практикалык документти ачыңыз .
  2. Беттин оң жагында, Негизги формалар тобунан булут формасын киргизиңиз. Кеңеш: Форманын аттары, алардын үстүнө курсорду алып келгенден кийин пайда болот.
  3. Форма схемасын боз түскө өзгөртүү.
  4. Форманы ак менен толтурууну өзгөртүү.
  5. Форма Эффектилерин жайылма менюга ылайык, Айлана конус кошуу.
  6. Булуттун үстүнө, Негизги формалар тобунан Күн формасын киргизиңиз.
  7. Сиз тандаган Алтын түс стилине форманын стилин өзгөртүңүз. Кеңеш: Стил аттары, алардын үстүнө курсорду алып келгенден кийин пайда болот. Стил аталышында Алтын деген сөз бар болушуна ынанышыңыз керек.
  8. Булут формасынын артына, арткы фонго күн формасын жөнөтүңүз.
  9. Керек болсо, булут форманы күн артында башбагып чыгып келе жатканын көргөзүп жылдырыңыз.
  10. Бүткөндөн кийин, сүрөт ушул сыяктуу болушу керек:
    Формалар чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-text-boxes/content/