Word 2016 Негиздери: Текстти форматтоо (Formatting Text)
5c4f4dcb05516a133c5222575c4f508fe5d0ef41247b0b51
Lesson 5: Текстти форматтоо (Formatting Text)
/en/tr_ky-word-2016/-text-basics/content/
Текстти форматтоо
Форматталган текст окурмандын көңүлүн документтин кээ бир жерлерине бөлөт жана маанилүү маалыматты басып көрсөтөт. Word'до сизде текстти түзөтүү үчүн бир нече параметрлер бар, мисалы ариптер, көлөм жана түс. Ошондой эле, сиз текстти тегиздеп аны өзгөртө аласыз.
Word текстин форматтоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Арип көлөмүн өзгөртүү үчүн:
Сиз каалаган текстти тандаңыз.
Башкы өтмөктөн, жайылма жебени чыкылдатып, анан каалаган ариптин көлөмүн тандаңыз. Менюдан ариптин көлөмүн тандаңыз. Эгер керектүү текст өлчөмү менюда жок болсо, Ариптер көлөмү кутучаны чыкылдатып каалаган арип көлөмүн терип, Enter чыкылдатыңыз.
Документте тексттин өлчөмү өзгөрөт.
Ошондой эле сиз арипти чоңойтуу же кичирейтүү буйруктарын тандасаңыз болот.
Арипти өзгөртүү үчүн:
Алдын ала, ар бир жаңы документке Calibri ариби орнотулат. Бирок, Word башка көптгөн ариптерди колдонууга шарт түзөт.
Сиз каалаган текстти тандаңыз.
Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени чыкылдатыңыз Ариптердин менюсу пайда болот.
Сиз каалаган арипти тандаңыз.
Документте арип өзгөрөт.
Документти түзүүдө, аны жеңил окугандай арип тандашыңыз керек. Calibri менен бирге, стандарттуу ариптер: Cambria, Times New Roman, жана Arial
Арип түсүн өзгөртүү үчүн:
Сиз каалаган текстти тандаңыз.
Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени басыңыз. Арип түсү менюсу пайда болот.
Сиз каалаган түстү тандаңыз. Документте арип түсү өзгөрөт.
Менюдагы түстөр менен эле чектелбейт. Түстөр диалог кутучаныан Дагы Түстөрдү тандаңыз. Сиз каалаган түстү тандап, андан кийин OK чыкылдатыңыз.
Кара, Курсив жана асты чийилген арипти колдонуу үчүн:
Кара, Курсив жана асты чийилген ариптер текстиңиздеги маанилүү сөздөр же фразаларга көңүл буруу үчүн колдонулат.
Сиз каалаган текстти тандаңыз.
Караны (B), Курсивди (), же Асты чийилген(U арип буйруктарын Башкы өтмөктөн чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз кара арипти чыкылдатабыз
Тандалган текст документте өзгөрөт.
Текст кабын өзгөртүү үчүн:
Эгер тез аранын ичинде текст кабын өзгөртүү керек болсо, сиз капты өзгөртүү буйругун колдонсоңуз блоот.
Сиз каалаган текстти тандаңыз.
Башкы өтмөктө, ариптер тобунда Капты өзгөртүү буйругун чыкылдатыңыз.
Жайылма менюсу пайда болот. Менюдан каалаган кап параметрин тандаңыз.
Документте текст кабы өзгөрөт.
Текстти баса белгилөө үчүн:
Баса белгилөө сиздин документтин маанилүү текстин белгилөө үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.
Сиз баса белгилөөнү каалаган текстти тандаңыз.
Башкы өтмөктөн жебени чыкылдатыңыз. Баса белгилөө түстөр менюсу пайда болот.
Керектүүбаса белгилөө түсүн тандаңыз. Тандалган текст андан кийин документте баса белгиленет.
Баса белгиленген текстти алып салуу үчүн, белгиленген текстти тандап, анан жайылма жебеден Текстти белгилөө түсүн чыкылдатыңыз. Ачылуучу менюдан "Жок Түстү" тандаңыз.
Эгер тексттин бир нече сабын белгилейин десеңиз, чычканды баса белгилегич кылып өзгөрткөнүңүз пайдалуу болот. Текстти белгилөө буйругун чыкылдатып, курсорду белгилегич кылып өзгөртүп алыңыз. Сиз андан кийин чыкылдатып, кармап, белгилегичти сиз каалаган саптардын үстүнө сүйрөй аласыз.
текст трассаны өзгөртүү үчүн:
Алдын ала, Word текстти барактын сол жагына түзөйт. Бирок, сиз текстти борборго тегиздегиңиз келген учурлар болот.
Сиз каалаган текстти тандаңыз
Башкы өтмөктөн төрт тегиздөө параметрлеринин бирин тандаңыз. Биздин мисалда, биз борборго тегиздөөнү тандап алдык.
Текст документте тегизделет.
Төмөнкү слайддагы жебелерди чыкылдатып төрт текст тегиздөө параметрлери тууралуу көбүрөөк билиңиз.
Текстти сол жакка тегиздеңиз: Бул бардык тандалып алынган текстти сол жакка тегиздейт. Текстти сол жаака тегиздөө буйругу эң көп колдонулган болуп саналат жана жаңы документ түзүлгөн учурда демейки боюнча тандалат.
Борбор: Бул текстти сол жана оң жагынан бирдей аралыкта тегиздейт.
Текстти оң жакка тегиздеңиз: Бул текстти оң жакка тегиздейт.
Кеңинен түздөө: Бул текстти эки тараптан бирдей кылып теңинен түздөйт. Бул оң жана сол жагынан бирдей тегиздейт. Көп гезиттер жана журналдар толук теңинен түздөөнү колдонушат.
Сиз Word'дун ыңгайлуу демейки боюнча орнотуу функциясын колдонуп, бул форматтоолорду башка документке автоматтык түрдө колдонсоңуз болот. Муну кантип жасоону билиш үчүн, биздин Word'догу демейки орнотууларыңызды өзгөртүү сабагын караңыздар.