Word 2016 Негиздери: Электрондук почтаны бириктирүү (Mail Merge)
5c4f4dcb05516a133c5222575c4f583de5d0ef41247b0b6a
Lesson 29: Электрондук почтаны бириктирүү (Mail Merge)
/en/tr_ky-word-2016/-applying-styles/content/
Электрондук почтаны бириктирүү
Электрондук почтаны бириктирүү бул бир тизмеге бир нече каттарды, белгилерди, аталыш ярлыгын, жана башка көбүрөөк маалыматтарды дайындар базасына, же электрондук жадыбалга сактоого мүмкүндүк бере турган пайдалуу курал болуп саналат. Электрондук Почтаны Бириктирүү менен иштеп жатканда, сизге Word документти (сиз учурдагынын бири менен баштайсыз же жаңы бирөөнү түзө аласыз) адатта Excel иш китеби болуп эсептелген жана алуучунун тизмеси, керек болот.
Кошумча: Эгер сабак менен иштегиңиз келсе, төмөнкү мисалды жүктөп алууга болот:
Электрондук почтаны бириктирүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Электрондук почтаны бириктирүүнү колдонуу үчүн:
Учурдагы Word документти ачыңыз, же жаңы түзүңүз.
Почта Жөнөтүү өтмөгүнөн, жайылма менюдан Электрондук Почта Бириктирүү Баштоо буйрукка чыкылдатып жана ылдый түшүү менюдан этабы менен Электрондук Почта Бириктирүүлөрдүн устатын тандаңыз.
Электрондук почта бириктирүү панели пайда болот жана бириктирүүнү толтуруу үчүн алты негизги кадамдарды көрсөтөт. Төмөнкү мисалда каттын формасын кантип түзүү жана кабыл алуучунун тизмеси менен катты кантип бириктирүү керек экенин көрсөтөт.
1 кадам:
Word терезенин оң жагындагы Электрондук Почта Бириктирүүлөрдүн тапшырма панелинен, сиз түзүүнү каалаган документтин түрүн тандаңыз. Биздин мисалда, биз каттарды тандап алабыз. Анан Кийинкини басып: документти баштоону кадам 2 ге жылдырабыз.
2-кадам:
Учурдагы документти Колдонууну тандап: анан Кийинки басып: кабыл алуучуларды 3- кадамга жылдырууну тандаңыз.
3-кадам:
Word автоматтык түрдө ар бир даректи документке жайгаштыруу үчүн, азыр сизге дарек тизмеси керек болот. Тизме учурдагы файлда болушу мүмкүн, мисалы Excel китепчеде, электрондук почта Бириктирүүлөрдүн устасынын ичинде бир жаңы дарек тизмесин терип жаза аласыз.
Учурдагы тизмени Колдонууну тандаңыз , андан кийин файлды тандоо үчүн, Издөөнү чыкылдатуу.
Сиздин файлды жайгаштырып, анан Ачууну чыкылдатыңыз.
Эгер дарек тизмеси Excel китепчеде бар болсо, тизмесден турган иш баракты тандап, андан кийин OK чыкылдытыңыз.
Электрондук почтаны бириктирүү диалог кутусунда, кайсы алуучулар бириктирүүдө киргизилгенин көзөмөлдөө үчүн ар бир кутучаны белгилеп же белгилебей кое аласыз. Дегинкиси, бардык алуучулар тандалышы керек. Бүтүргөндөн кийин, ОК басыңыз.
Кийинкини чыкылдатыңыз: 4-кадамга жылдыруу үчүн катты жазыңыз.
Сизде учурдагы дарек тизмеси жок болсо, сиз бир жаңы тизме баскычын чыкылдатып, жана Түзүүнү басасыз, андан кийин кол менен дарек тизмесин терип жаза аласыз.
4-кадам:
Эми сиз кат жазууга даярсыз. Аны басып чыгарганда, ал каттын ар бир нускасы негизинен бирдей эле болот; болгону алуучунун маалыматтары (мисалы, аты, атасынын аты жана дареги), ар кандай болот. Электрондук Почта Бириктирүүсү так маалыматтарды кайда кошсо болорун жакшы билиш үчүн, сизге толтургучтарды кошуу керек.
Алуучунун дайындарын киргизүү үчүн:
Маалымат сиз каалаган жерде пайда болуш үчүн, документке кыстаруу чекитин жайгаштырыңыз.
Толтургучтар параметрлеринин бирин тандоо. Биздин мисалда, биз Дарек блокту тандап алабыз.
Сиздин тандоого жараша, диалог кутучасы ар кандай ылайыкташтыруу параметрлер менен пайда болушу мүмкүн. Керектүү параметрлерин тандап, анан ОК басыңыз.
Толтургуч сиздин документте пайда болот.
Каалаган башка толтургучтарды кошуңуз. Биздин мисалда, биз Саламдашуу сызык толтургучун каттын жогору жагына кошо алабыз.
Бүтүргөндөн кийин, Кийинки баскычты чыкылдатып: каттарды алдын ала көрүү үчүн 5-кадамга жылдырыңыз.
Кээ бир каттар үчүн, сизге жөн гана Дарек блогун жана Салам сабын кошуу керек болот. Бирок, сиз көбүрөөк толтургучтарды (мисалы, алуучунун аты-жөнү же даректери сыяктуу) дагы ,каттын мазмунуна, аны андан ары жекелештирүү үчүн кошо аласыз.
5-кадам:
Алуучунун тизмесинен маалымат туура көрүнүшү үчүн каттарды алдын ала карап чыгуу керек. Сиз документтин ар бир нускасын көрүү үчүн солго жана оңго жылдыруу жебелерин колдоно аласыз.
Эгер баары туура болсо, Кийинкини чыкылдатып: 6 кадам жылуу үчүн бириктирүүнү толтуруңуз.
6-кадам:
Катты басып чыгаруу үчүн Басып чыгарууну чыкылдатыңыз.
Диалог кутучасы пайда болот. Каттардын бардыгын басып чыгаргыңыз келеби ,чечиңиз, учурдагы документтиби (жаздырып алуу), же бир гана тандалган топтубу, андан кийин OK чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз каттардын бардыгын басып алабыз.
Басып чыгаруу диалог кутучасы пайда болот. Басып чыгаруу орнотууларын тууралоо керек болсо аны жөнгө салыңыз, андан кийин ОК басыңыз. Каттар басылып чыгат.