Word 2016 Негиздери: Текст кутучалары (Text Boxes)
5c4f4dcb05516a133c5222575c4f575ce5d0ef41247b0b61
Lesson 20: Текст кутучалары (Text Boxes)
/en/tr_ky-word-2016/-shapes/content/
Текст кутучалары
Текст кутучалары белгилүү текстке көңүл буруу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Ошондой эле тексти документтиңиздин айланасында жылдырууда керек болгондо пайдалуу болушу мүмкүн. Word текст кутучаларын менен тексттерди ар кандай стилдерде жана кубулуштарда форматтоого мүмкүндүк берет.
Word дө текст кутучалары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Текст кутучасын кыстаруу үчүн:
Кыстаруу өтмөгүн тандап, андан кийин Текст тобунун Текст кутуча буйругун чыкылдатуу.
Жайылма меню пайда болот. Текст Кутучасын Сүйрөөнү тандоо
Текст кутучасын түзүү үчүн документтин үстүнөн каалаган жагына сүйрөп чыкылдатыңыз.
Текст кутучасынын ичинде кыстаруу чекити пайда болот. Текст кутучасынын ичине текстти түзүүгө терип жаза аласыз.
Эгер кааласаңыз, текстти тандап, андан кийин арипти, түсүн жана өлчөмүн Башкы бет өтмөктөрдөн жана Формат буйруктарды колдонуу менен өлчөмүн өзгөртө аласыз. Бул форматтоо буйруктарды колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, биздин Текст форматтоо сабагын көрүңүз.
Сиздин документке кайтып келүү үчүн текст кутучасынан тышкары каалаган жерге чыкылдатыңыз.
Сиз ошондой эле алдын ала коюлган түстөрдү, тамгаларды, орундарын, ошондой эле алардын өлчөмдөрү камтылган текст кутучалардын бирин тандап аласыз. Эгер муну тандасаңыз, анда текст кутусу автоматтык түрдө пайда болот, ошондуктан, аны сүйрөөнүн кереги жок болот.
Текст кутучасын жылдырыш үчүн:
Сиз жылдырууну каалаган текст кутучасын чыкылдатыңыз.
Текст кутучасынын четтеринин биринин үстүнө курсорду алып келиңиз. Чычкан жебелер менен кайчылаштырууну өзгөртөт.
Чыкылдатыңыз жана керектүү жерге текст кутучасын сүйрөңүз.
Текст кутучасынын өлчөмүн өзгөртүү:
Сиз өлчөмүн үзгөртүүнү каалаган текст кутучасын чыкылдатыңыз.
Чыкылдытыңыз жана керектүү өлчөмгө чейин текст кутучасынын бурчуна же капталдарына өлчөм туткаларын сүйрөңүз.
Текст кутучаларын өзгөртүү
Word текст кутучалары сиздин документте пайда болгудай кылып өзгөртүү үчүн бир нече ыкмаларды сунуш кылат. Сиз текст кутучаларына ар кандай кубулуштарды кошо аласыз же, формасын, стилин жана түсүн өзгөртө аласыз.
Форма стилди өзгөртүү үчүн:
Форма стилин тандоодо жана текст кутучасынын көрүнүшүн өзгөртүүдө алдын ала түстөрдү жана кубулуштарды тез өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
Өзгөртүүнү каалаган текст кутучасын тандаңыз.
Формат өтмөгүнөн, Форма стилдери тобундагы Көбүрөөк жайылма жебеге чыкылдатуу.
Стилдердин бир жайылма менюсу пайда болот. Сиз пайдаланууну каалаган стилди тандаңыз.
Текст кутусу тандалган стилде пайда болот.
Эгер сиз текст форматтоону көбүрөөк көзөмөлдөгүңүз келсе, анда, мисалы, Форма толтуруу жана Форма Схемасы аркылуу каалаган форматтоо параметрлерин колдоно аласыз. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин Формалар сабагын көрүңүз.
Текст кутучасынын формасын өзгөртүү үчүн:
Текст кутучасынын формасын өзгөртүү документте кызыктуу көрүнүш түзүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.
Өзгөртүү үчүн каалаган текст кутучасын тандаңыз. Формат өтмөгү пайда болот.
Формат өтмөгүнөн, Форма Кошуу буйругун чыкылдатуу.
Форманы Өзгөртүүнүн үстүнө курсорду алып келип, андан кийин пайда болгон менюдан каалаган форманы тандаңыз.
Текст кутусу форма катары форматталып пайда болот.